Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда автоунаа кыймылына чектөө киргизилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргыз темир жолу” мекемеси кабарлагандай, Боом капчыгайында 18-октябрдан 22-октябрына чейин атайылап таш кулатылат. Бул үчүн тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылды. Кырсыктардын алдын алуу максатында ушул күндөрү 9:00дөн 15:00гө чейин жол маал-маалы менен жабылат.

Жолдогу чектөөгө ИИМдин Кайгуул-күзөт башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөл кылат. Жолду тазалоо учурунда жолдун бир багыттуу тилкеси гана ачык болот. 30-40тан ашык унаа топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Бул иштер таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG