Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Түркия "Талибандын" бийлигин тааныбай турганын билдирди


Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу.
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу.

Түркия Ооганстандагы гуманитардык кризисти жөнгө салууга көмөктөшүүгө даярдыгын, бирок "Талибандын" бийлигин (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынды) расмий түрдө тааныбай турганын билдирди. Бул тууралуу түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу талибдер түзгөн ооган өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен 14-октябрда Анкарада жолуккандан кийин билдирди.

"Биз ушул күнгө чейин эл аралык коомчулукка "Талибан" бийлиги менен байланыш куруунун маанисин түшүндүрүп келдик. Азыр эл аралык коомчулук да ушул позицияда турат. ["Талибандын" бийлигин] таануу башка, байланыш куруу башка нерсе", - деди Чавушоглу.

Ал ооган экономикасы кыйрап калбашы керек экенин белгилеп, Кабулдун чет жактагы эсептерине чектөө койгон мамлекеттерди ийкемдүүрөөк болууга чакырды.

Муттаки жетектеген талибдердин делегациясы Катардын баш калаасы Дохада АКШнын жана Евробиримдиктин дипломаттары менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин Анкарага келди. Талибдердин тышкы иштер министри Ооганстандагы экономикалык кризис ооган качкындарынын жаңы толкунун жаратышы мүмкүндүгүн Түркиядагы жолугушуулар маалында эскертти.

15-августта Батыш тааныган ооган өкмөтү кулап, "Талибан" бийликке келгенден көп өтпөй Евробиримдик Ооганстанга жардам иретинде бериле турган каражаттарды убактылуу токтото турууну чечкен. Ошондой эле, Вашингтон Ооганстандын Борбордук банкынын АКШдагы эсептерине чектөө койгон. Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, Ооганстандын чет өлкөдөгү эсептердеги алтын жана валюта резерви 9 миллиард доллардан ашат.

Батыш мамлекеттерин "Ооганстан кайрадан террорчулардын чордонуна айланбайбы" деген суроо тынчсыздандырып турат. Ошондой эле, алар өлкөнү шариаттын негизинде башкарууну көздөгөн талибдерден адам укуктарынын, өзгөчө кыз-келиндердин эркиндигинин сакталышын талап кылып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG