Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:40

Бишкекте 18-октябрдан тартып жаңы автобустар каттамга чыгат


Бишкек. Жаңы келген автобустар.
Бишкек. Жаңы келген автобустар.

18-октябрь, дүйшөмбү күнү 30 жаңы автобус линияга чыгат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынан билдирди.

Автобустар 34, 21 жана 46-каттамдар боюнча жүрөт. Жаңы №34 каттам Жеңиш конушунун тургундарынын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" компаниясы тарабынан иштелип чыкты. Жаңы автобустар Биримдик - Бакай-Ата, Дордой базары - Эне-Сай - Чоң-Арык айылы, Шоро фирмасы - Жеңиш конушу багытында каттамга чыгарылат.

Шаар тургундары коомдук транспорт кеч жүрүп жатканын, айрым каттамдар такыр жоюлуп кеткенин айтууда. Бишкек мэриясы жол киренин арзандыгы жана күйүүчү майдын кымбатташынан улам шаарда каттаган маршруттук таксилердин саны эки жылда эки эсе азайганын билдирди.

Бишкек шаарындагы бир катар жаңы конуштарда коомдук транспорттун жоктугунан окуучулар мектепке бара албай калганын жергиликтүү сайттар жазып чыккан.

Борбор калаада 1-ноябрдан тарта коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттайт. Маршруткалар үчүн 15 сом, автобус жана троллейбустар үчүн 11 сом болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG