Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

Англияда парламент депутаты бычакталып өлтүрүлдү


Ли-он-Си шаарындагы окуя болгон чиркөөнүн аймагы, 15-октябрь 2021-жыл.
Ли-он-Си шаарындагы окуя болгон чиркөөнүн аймагы, 15-октябрь 2021-жыл.

Англиянын чыгышындагы Ли-он-Си шаарында консерваторлор партиясынын депутаты Дэвид Амесс бычакталып өлтүрүлдү. 15-октябрда өзүнүн округундагы чиркөөдө шайлоочулар менен жолугушуп жаткан депутатка белгисиз бирөө кирип келип, бычак урганын британ полициясы билдирди.

Эссекс аймагынын полиция кызматкерлери бул окуяга байланыштуу бир эркек киши кармалганын, азырынча башка шектүүлөр жок экенин маалымдашты.

"Ага бир нече жолу бычак сайылган", - деп айтты "Reuters" агенттигине окуяга күбө болгон жергиликтүү кеңештин мүчөсү Жон Лэмб.

Азырынча кармалган кишинин тек-жайы жана мотиви белгисиз. Британ медиасы ал 25 жашта экенин жазып жатат.

69 жаштагы Дэвид Амесс 1983-жылдан бери парламентке депутат болуп шайланып келе жаткан.

Улуу Британиядагы бир топ саясатчылар Ли-он-Сиде нес кылуучу окуя болгонун билдирип жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG