Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Олимп оюндарына катышкан кыргыз спортчулары тууралуу китеп чыкты


Айсулуу Тыныбекова, Эрназар Акматалиев Күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта, 5-октябрь, 2021-ж. Осло, Норвегия.
Айсулуу Тыныбекова, Эрназар Акматалиев Күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта, 5-октябрь, 2021-ж. Осло, Норвегия.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитетинин мүчөсү, спорттук баяндамачы Кабыл Макешовдун "Кыргыз Республикасы Олимпиадалык оюндарда" аттуу китеби жарык көрдү. Анын бет ачары 11-октябрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өттү.

Китепте Олимп оюндарына катышкан спортчулар тууралуу маалыматтар камтылган.

Ушул эле күнү "Журналист - кыргыз спортунун барометри" аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Бул иш-чаралар журналист Кабыл Макешовдун 60 жылдык мааракесине арналып уюштурулду.

Макешов 1961-жылы 11-октябрда Нарын районунун Эчки-Башы айылында туулган. Эмгек жолун облустук "Нарын правдасы" гезитинде баштаган. Журналист спорттук баяндамачы катары 11 кышкы жана жайкы Олимпиадага барып, жеринен маалымат берип турган. 1994-2014-жылдар аралыгында "Азаттык" радиосунда кабарчы болуп иштеген.

Бир нече ирет "Кыргызстандын мыкты спорттук журналисти" деп таанылган. "Кыргызстандын дене тарбиясы жана спортунун отличниги" төш белгисин алган жана "Азамат Алтай" фондунун негиздөөчүлөрдүн бири. "Кыргыз спортунун тарыхы" жана "Спорттук энциклопедия" баштаган 15 китептин автору.

XS
SM
MD
LG