Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Мамкатчы Касмамбетов элди добуш сатпоого чакырды


Сүйүнбек Касмамбетов.
Сүйүнбек Касмамбетов.

Жаңы дайындалган Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 12-октябрда, алдыдагы парламенттик шайлоолорго байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анда ал алдыда боло турган парламенттик шайлоодо элди өз добушун сатпоого үндөдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“Элди тажаткан, коомду ириткен саясатчылардан арылып, люстрация кылуу керек” деген талап көптөн бери айтылып келет. Эң туура! Бул мүдөөнү баарыбыз колдойбуз. 15 жылдан бери люстрацияны ишке ашырабыз деп какшап келе жатабыз. Бирок ишке ашпай жаткан. Эми, мына, ишке ашыруу жараяны башталды. Президент тарыхыбызда биринчи жолу люстрацияны жүзөгө ашыруу үчүн элге шарт түзүп берди. 36 депутат түздөн-түз аймактардан шайланып келишет. Өзүңөрдүн ишенген өкүлүңөрдү шайлап аласыңар. Бирөө-жарым кысым көрсөтүп, баланчаны шайлайсың деп кыйнай албайт. 54 депутат партиялык тизме менен шайланат. Мурдагыдай тизме башына төбөсү көрүнгөн, акчалуу саясатчы туруп алып, партиясын өткөрүп, артынан 20-30 элге жакпаган депутаттарды ээрчитип келмей жок. Эми мындан ары партияга добуш берип, анын ичиндеги өзүңөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиңер", - деп жазылган кайрылууда.

Касмамбетов 2020-жылдын 19-октябрында президенттин аппарат жетекчиси болуп дайындалган болчу. Бүгүн президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Чолпонбек Абыкеевдин ордуна Мамлекеттик катчы болуп дайындалды.

Мамлекеттик катчынын кызмат орду Кыргызстан эгемендик алган жылдары, алгачкы президент Аскар Акаевдин тушунда киргизилген. Экинчи президент Курманбек Бакиев аткаруу бийлигин реформалоонун алкагында бул институтту 2009-жылы жойгон.

Быйыл 10-январда президенттик шайлоо менен чогуу өткөн референдумда калк “президенттик” жана “парламенттик” башкаруу формаларын тандаган. Анда Мамлекеттик катчы кызматы кайра киргизилген.

Сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик катчы жөнүндө жобону бекиткен. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG