Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Зордукталды делген 13 жаштагы кызга психологиялык жардам көрсөтүлүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облусунун Жумгал районунда зордуктоого кабылган 13 жаштагы кызга Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери психологиялык жардам берүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип, 21-сентябрда анын 54 жаштагы өгөй атасы кармалган. Алдын ала тергөөдө шектүү секелекти эки жыл зордуктаганын айтканын облустук Ички иштер башкармалыгы кабарлаган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, мурдагы жылдары жашы жете электерге карата 1101 кылмыш иши катталган, анын 150дөн ашууну жыныстык мүнөздө болгон.

Жашы жете электерге жыныстык зомбулук үчүн шектүү катары 57 жаран кармалган. Алардын канчасы сот жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматтар жок.

Жазык кодексинин 165-беренесине ылайык, 16 жашка жете элек балага карата сексуалдык байланышсыз ыплас аракеттер жасалса, шектүү 5 жылдан 7 жарым жылга чейин эркинен ажыратылат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG