Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:11

Коронавирус дагы 94 адамдан аныкталды, үч адам каза болду


Кытайдын "Синофарм" компаниясынын вакцинасы менен эмдөө учуру.
Кытайдын "Синофарм" компаниясынын вакцинасы менен эмдөө учуру.

16-октябрга карай кыргызстандыктардын арасынан дагы 94 кишиден коронавирус аныкталды. Мурда ооруп жаткандардын үчөө каза болду.

Коронавируска каршы республикалык штабдын расмий эсебине ылайык, өлкөдө бул ооруга чалдыккандар 2020-жылдын март айынан бери 179 775 кишиге жетти. Алардын 2632си көз жуумп, 174 578и айыкты.

Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат. Аны 18 жаштан өткөн жарандар алса болот. Вакцина эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн. Кыргыз өкмөтү Кытай, Европа, Түркия жана Орусия өндүрүшүндөгү препараттарды алып келген.

16-октябрга карата 1 миллион 591 миңден көп адам эмделди. Алардын 900 миңден ашууну бир дозаны, калганы эки дозаны тең сайдырышты.

Жамааттык иммунитетти калыптандыруу үчүн 2,5 миллиондой адам эмделиши кажет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жер жүзүндө коронавируска кабылгандардын саны 240 миллиондон ашты. Алардын 5 миллионго жакыны жашоо менен кош айтышты.

XS
SM
MD
LG