Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Таласта 14 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө шектүүлөр изделүүдө


Өспүрүмдүн сөөгү табылган жер.
Өспүрүмдүн сөөгү табылган жер.

Таластын Манас районунда 14 жаштагы өспүрүмдүн (эркек бала) өлүмүнө шектүүлөр изделип жатат. Милициянын божомолуна ылайык, ал жол кырсыгында мүрт кеткен.

Баланын сөөгү 15-октябрда таңкы саат бештерге жакын Чоң-Капка айылындагы жолдун четинен табылган. Милицияга жергиликтүүлөр кабарлашкан.

Облустук Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, өспүрүм Кызыл-Жылдыз айылындагы Рахманбердиев атындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу экени аныкталды. Окуя болгон жерде белгисиз автоунаанын дөңгөлөгүнүн изи калган.

Аталган факты Манас райондук ички иштер бөлүмүндө Жазык кодексинин 297-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Милиция бул автокырсык тууралуу кабардар кишилерди 0701 38 38 79, 0500 34 91 91, 0755 102 108 номурларына чалып, маалымат беришин суранат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG