Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Чүй облусунда 50 айдоочу мас абалында кармалды


Жол кырсыгында набыт болгондор жыл башынан бери 500дөн ашты.
Жол кырсыгында набыт болгондор жыл башынан бери 500дөн ашты.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 11-17-октябрда Чүй облусунун аймагында жүргүзгөн рейддин жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык бир аптада 3 469 жолдо жүрүү эрежесин бузуу катталды.

50 айдоочу мас абалында машине айдап, 1 345 айдоочу ылдамдыкты көбөйтүп, 33 киши документи жок машине айдаганы үчүн кармалган. 101 машине айып пул төлөөчү жайга токтотулду.

Ички иштер министрлигинин октябрдын башындагы акыркы эсеби боюнча, Кыргызстанда сегиз айда 4637 жол кырсыгы катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 30% көп катталган. Жол кырсыгында набыт болгондор жыл башынан бери 500дөн ашты.

Тартип сакчылары жол кырсыгынын эң башкы себептери катары мас абалында рулга отуруу менен эрежени сактабоону белгилеп келишет.

2020-жылы 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон (анын 93ү бала). Ал эми 2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и бала) көз жумган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG