Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:34

COVID-19: Эки бейтап каза болуп, 68 учур жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 18-октябрда ооруну жугузуп алган эки бейтап каза болду. 68 адамдан коронавирус инфекциясы жаңы аныкталды. Илдеттен каза болгондордун бардыгы вакцина албагандар.

Ооруну жугузуп алгандардын көбү Бишкекте. Бул күнү Ош шаарында, Нарын, Баткен жана Ош облустарында вирусту жаңы жуктургандар катталган эмес.

  • Бишкек - 54
  • Чүй облусу – 2
  • Талас облусу - 1
  • Ысык-Көл облусу – 9
  • Жалал-Абад облусу – 2

Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 179 913 адамга жетти. Пандемия башталгандан бери жалпы 2 636 адам каза болду. Бир күндө 45 адам сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү 542 адам ооруканада, 539 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Кыргызстанда инфекцияга каршы эмделгендердин жалпы саны 1,5 миллиондон ашты. Алардын 907 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG