Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Билл Клинтон ооруканадан чыгарылды


Клинтонт жубайы менен ооруканадан кетүүдө
Клинтонт жубайы менен ооруканадан кетүүдө

АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон Калифорниядагы ооруканадан чыкты. 75 жаштагы саясатчы урологиялык инфекциядан улам 12-октябрда Ирвайн университетинин медициналык борборуна жаткырылган.

Экс-президент жекшембиде жубайы, мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун коштоосунда Нью-Йорк штатындагы үйүнө чыгып кетти. Маалымат агенттиктери Клинтон дарылануусун улантарын жазууда.

Клинтондун дарыгери Алпеш Аминдин айтымында, анын дене табы калыбына келип, лейкоциттердин деңгээли стабилдештирилгенден кийин ооруканадан чыгаруу чечими кабыл алынган.

Клинтон Кошмо Штаттардын президенти болуп эки мөөнөт, 1993-2001-жылдары эмгектенген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG