Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

Майрамкан Абылкасымованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт


Майрамкан Абылкасымова ыр кечесинде. Бишкек.
Майрамкан Абылкасымова ыр кечесинде. Бишкек.

Кыргыз эл акыны, 84 жашында дүйнөдөн кайткан Майрамкан Абылкасымованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 18-октябрда Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы опера-балет театрында өтөт. Бул тууралуу маркумдун жакындары "Азаттыкка" кабарлады.

Майрамкан Абылкасымова 16-октябрда дүйнөдөн кайтты. Ал 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында төрөлгөн. Акындын алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык көрө баштаган. Чыгармалары орус, украин, казак, монгол, немис, поляк, француз тилдерине которулган.

1980-жылы Кыргыз эл акыны наамы берилген. Бир катар мамлекеттик сыйлыктарды, анын ичинде "Токтогул" атындагы мамлекеттик сыйлыкты, III даражадагы "Манас" орденин алган.

Эмгек жолунда гезит-журналдарда, Ош педагогикалык институтунда иштеп, 1995-жылдан "Курманжан датка" фондунда төраганын кеңешчиси болгон. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG