Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Октябрь окуяларындагы башаламандыктар боюнча сот башталды


"Замандаш" партиясынын мурдагы лидери, саясатчы Жеңиш Молдокматов.
"Замандаш" партиясынын мурдагы лидери, саясатчы Жеңиш Молдокматов.

Бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын 5-6-октябрындагы башаламандыктарга байланыштуу сот отуруму башталды.

Ага "Замандаш" партиясынын мурдагы лидери, саясатчы Жеңиш Молдокматов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов алынып келди. Сот башталар алдында Жеңиш Молдокматов жети айдан бери эч кандай далилсиз камалып турганын айтты:

"Башаламандык, бийликти күч менен басып алуу боюнча бир дагы факты көрсөтө алышкан жок. Жети айдан бери түрмөдө жөн эле отурам, кечирим да сурабайм, эч кимдин алдына ийилип да бербейм. Бирок тарых тазалайт, эл баалайт. Акырында ким алып келсе, ошолор түрмөгө отурат. "Бийликти мыйзамсыз басып алуу" деген күнөөнү коюп жатышат, андай болсо бүгүнкү бийликтин өзү мыйзамсыз".

2020-жылы 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган.

Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеев да бар. Кийин Султанбеков менен Асанов үй камагына чыгарылып, калгандары камакта калган.

"Замандаш" партиясы менен 2020-жылдагы шайлоого катышкан Жеңиш Молдокматов 8-майда камалган.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин нааразылык митингги өтүп, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң чыккан. Андан кийин бийлик алмашып, башкаруу формасын өзгөртүү боюнча референдум өткөн. Парламенттин жетинчи чакырылышынын шайлоосу быйыл, 28-ноябрда өтөт. (BCh)

XS
SM
MD
LG