Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Кандагардагы жардыруу ооган шийилердин үрөйүн учурду


Кандагарда мечиттеги жардырууда набыт болгондор жерге берилди. 16-октябрь, 2021-жыл
Кандагарда мечиттеги жардырууда набыт болгондор жерге берилди. 16-октябрь, 2021-жыл

Ооганстандагы шийи жамааты Кандагардагы каргашалуу окуядан кийин коопсуздугунан кооптонууда. Жума намазы учурунда 47 кишинин каны төгүлгөн жардырууну “Ислам мамлекети” террордук уюму уюштурганын билдирген. Айрым оогандар талибдер коопсуздук чараларын көрбөй жатат деп айыпташты.

Ишемби күнү Кандагар шаарындагы Имам Баргах мечитинде жанкечтилердин кош жардыруусунда мүрт кеткен адамдар жерге берилди. Дагы ондогон жайкын киши жарадар болгон терактты алардын желдеттери ишке ашырганын суннилердин “Ислам мамлекети-Хорасан” радикал уюму жардыруулардын эртеси социалдык тармактардан кабарлады.

“Биринчи жанкечти дүрмөттөлгөн курун мечиттин кире беришинде, экинчиси имараттын борборунда жардырышкан”, - деп билдирди террорудк уюм “Телеграммдагы” баракчасында.

Жергиликтүү оорукананын кызматкерлери жаракат алгандардын айрымдары оор абалда экенин, кээ бирлерин Кабулга алып баруу керектигин маалымдашкан.

Ага чейин, бир жума мурун Кундуз провинциясында шийилердин дагы бир мечитинде болгон жардыруу маалында 46 киши каза тапкан эле. Аны дагы жогоруда сөз болгон террордук уюм жоопкерчилигине алган. Алар августта суннилердин “Талибан” кыймылы Ооганстандагы бийликти басып алгандан бери шийилерге каршы улам бир жерде кол салууларды уюштуруп, талибдерди да бутага алган учурлар бар.

“Талибандын” маалымат катчысы Билал Карими Кандагардагы жардыруу иликтенип жатканын билдирди. Мурда Кандагардагы мечиттерди шийи жамаатынын күчтөрү кайтарып келсе, эми 16-октябрдан тарта ал жайлардагы коопсзудукту камсыздоо иши талибдерге жүктөлүүдө. Бул тууралуу шаардын “Талибан” дайындаган полиция башчысы Маулви Мехмуд билдирди.

Шийи жамааты Кандагардагы каргашалуу окуядан кийин өз коопсуздугунан кооптонуп, “Талибан” коопсуздук чараларын көрбөй жатат деген доомат артууда. Мындай ойлору менен алар “Анадолу” маалымат агенттигинин кабарчысы менен бөлүшүп, көбү өз ысымдарын ачык айтуудан чочулашты.

“Биз абдан кооптонуп жатабыз. Балким, көпчүлүктүн коопсуздугу камсыздалгандыр, бирок азчылыктын абалы коркунучка кептелди. Өзгөчө Кандагардагы ооган шийилеринин абалы кооптуу”, - дейт шиийлердин бир өкүлү.

Ал эми Раза Карими жума күнкү жардыруу маалында мечитте болгон:

“Оогандык шийилер өздөрүн коргоп, коопсуздук чараларын күчөтүүгө тийиш. Коопсуздугубуз бизди тынчсыздандырып турат. “Талибан” өкмөт куруп, өлкөнү башкаргысы келсе, суннилер менен шийилер ортосунда дискрминацияга жол бербей, коопсуздугубузду камсыздашы керек”.

Кыймыл “Ислам мамлекети-Хорасан” радикал уюму жараткан коркунуч анча олуттуу эмес, аларды ооздуктай алабыз" деп айтып келген. Бирок удаа-удаа болгон кол салуулар талибдердин ондогон жылдардан бери согуш басылбай келаткан өлкөгө тынчтык алып келебиз деген ырастоолоруна көлөккө түшүрүп, туруктуулукка байланыштуу кооптонууларга жем таштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG