Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Польшада мыйзамсыз мигранттарды колдогон митинг өттү


Минскинин борборундагы мигранттар. Сентябрь, 2021.
Минскинин борборундагы мигранттар. Сентябрь, 2021.

17-октябрда Варшава жана Краков шаарларында жүздөгөн адамдар көчөгө чыгып, Беларус тараптан кирүүгө аракеттенген мигранттарга мамилени өзгөртүүнү талап кылды. Парламенттин төмөнкү палатасынын алдында "Чек арадагы кыйноону токтоткула" деп кыйкырышты. Алар депортацияны да токтотууну талап кылып, өкмөттү айыпташты.

Варшава Беларус менен чек арасында чукул кырдаал жарыялап, чек араны бойлото тосмо тосууну көздөөдө.

Евробиримдик өлкөлөрү беларус лидери Александр Лукашенкону мигранттарды Брюсселдин санкциясына жооп кылып "курал катары колдонуп жатат" деп айыпташты.

Германиянын бийлиги дагы "Беларус багыты" менен келген мыйзамсыз мигранттардын агымы көбөйгөнүнө даттанууда. Айрым көрсөткүчтөр боюнча Беларус жана Польша аркылуу кирген мигранттардын саны августтан бери кеминде 4300 адамга көбөйгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG