Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55

Өзбекстандын Сох анклавында аэропорт курулду


Сох районундагы жаңы аэропорттун аймагы. 16-октябрь, 2021-жыл.
Сох районундагы жаңы аэропорттун аймагы. 16-октябрь, 2021-жыл.

Кыргызстандын Баткен облусунун ичинде жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавында жаңы аэропорттун курулушу аяктады. Бул тууралуу маалыматты Сох району караган Фергана облусунун акимчилигинин басма сөз кызматы 16-октябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, аэропорттун жалпы аянты 7 гектарды, учуп-конуу тилкесинин узундугу 700 метрди түзөт. Жакында бул аэропортто сыноо иретиндеги учак каттамдары аткарыла баштайт.

Расмий кабарда белгиленгендей, аэропорт президент Шавкат Мирзиёевдин "2020-2021-жылдары Сох районун социалдык-экономикалык жактан комплекстүү өнүктүрүү чаралары жөнүндө" токтомунун негизинде курулган.

Сохтун "Новобод" аймагындагы аэропорттун курулушуна 7 миллиард сум же 650 миң доллардан ашык каражат сарпталган. Аэропорттун аймагында учуп-конуу тилкесинен тышкары күтүү залы, тамактануучу жана эс алуучу жайлар, соода түйүнү бар.

Сох - Кыргызстандын Баткен облусундагы 350 чарчы чакырымдык аянтты ээлеген анклав. Анын тургундары Өзбекстанга барыш үчүн Кыргызстандын аймагы аркылуу 20 чакырымдай жол жүрүшү керек.

Буга чейин Сох анклавынын жана Баткен облусунун тургундарынын ортосунда бир нече жолу чек арага байланыштуу жаңжалдар тутанган. 2013-жылы Баткен районунун Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Анын кесепетинен анклавдын айланасындагы жолдор убактылуу жабылган.

Быйыл жазында Сохту Өзбекстандын негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылган. Бул өткөрмө бекеттер аркылуу жүргүнчү ташыган автоунаа жана жөө жүргүнчүлөр күндүз өтө алары, оор жүк ташуучу автомашиналар азырынча өтпөй турганы кабарланган.

Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85 пайызы), андан кийин дагы 10 пайызга жакыны такталганын кыргыз өкмөтү быйыл 17-февралда билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG