Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Орусияда мектепте ок аткан 12 жаштагы өспүрүм кармалды


20-сентябрда Пермь мамлектетик университетинде куралчан адамдын ок чыгаруусу менен коштолгон окуя. (18-октябрдагы окуяга тиешеси жок).
20-сентябрда Пермь мамлектетик университетинде куралчан адамдын ок чыгаруусу менен коштолгон окуя. (18-октябрдагы окуяга тиешеси жок).

18-октябрда Орусиянын Пермь аймагындагы Сарс кыштагында мектепке аңчылык мылтык көтөрүп келип, шыпты көздөй эки жолу ок аткан 12 жаштагы өспүрүм кармалды.

Жергиликтүү полиция кабарлагандай, өспүрүм бала атасынын карабин мылтыгын мектепке алып келип, класста сабак башталар алдында ок аткан. Окуяда эч ким жабыркаган жок. 300дөн ашуун окуучу жана 30 мугалим эвакуацияланды.

Пермь облусунун жергиликтүү бийлиги билдиргендей, 6-класста окуган өспүрүм менен мектептин директору сүйлөшүп, куралын таштоого көндүргөн.

20-сентябрда Пермь мамлектетик университетинде куралчан адам ок чыгарып, андан алты киши мерт болгон жана 28 адам жараат алган. Кийинчерээк полиция 18 жаштагы Тимур Бекмансуров аттуу жаран ок атканын, ал кармоо учурунда жарадар болгонун билдирген.

Адатта Орусияда жана мурдагы советтик республикаларда мектепте окуучулар ок чыгарган учурлар сейрек кездешет. Бирок адистер мындай окуялардын саны соңку жылдары көбөйүп жатканын айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG