Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Өзбекстан менен Тажикстан автобус каттамдарын жандантууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Кожент шаары менен Өзбекстандын Ташкент шаарын байланыштырган автобус каттамы кайра жанданууда. Бул тууралуу Кожент-Ташкент-Кожент каттамы боюнча жүргүнчү ташыган Asian Express компаниясын шилтеме кылып,"Азаттыктын" тажик кызматы кабарлады. Ал маалыматта пандемия башталгандан берки биринчи рейс 18-октябрда аткарылары белгиленген.

Жадыбалга ылайык, автобус эртең мененки саат 8де Коженттен чыгып, кечки саат 6да Ташкенттен кайра Тажикстанды көздөй жол тартат. Азырынча бир күндө бир гана автобус каттап турат.

Asian Express компаниясынын маалыматына ылайык, жакын арада бир күндө 2-3 автобус каттамын уюштуруу иштери жүрүп жатат. Тажик жарандары Өзбекстанга киргенде коронавируска каршы эмделгенин же экспресс-тесттин негативдүү жыйынтыгын көрсөтүшү керек.

20-октябрдан тарта Тажикстандын Панжикент шаарынан Өзбекстандын Самарканд жана Бухара шаарларына барууга жол ачылганы турат.

Эки кошуна өлкөнүн ортосундагы автобус каттамдары былтыр пандемия башталган маалда токтогон. Бир нече ай мурда Ташкент менен Дүйшөмбү аба каттамдарын жанданткан болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG