Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди


Алайбек Алымбаев.
Алайбек Алымбаев.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына "Республика - Ата Журт" фракциясынан Алайбек Алымбаевди депутат катары каттады.

17-октябрда "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Пархат Тулендыбаев өз арызы менен депутаттык мандатын тапшырган.

Анын ордуна партиялык тизме менен Алайбек Алымбаев мандатка ээ болду.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы быйыл алтынчы жыл иштеп жатат. Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин нааразылык митингги өтүп, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң чыккан.

Андан кийин бийлик алмашып, башкаруу формасын өзгөртүү боюнча референдум өткөн. Парламенттин жетинчи чакырылышын шайлоо быйыл, 28-ноябрда өтөт. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG