Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:59

Өзгөндө 60 жаштагы ардагер милициядан зомбулук көргөнүн билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөн районунда 60 жаштагы жаранды милиция кызматкерлери "сабап, сексуалдык зомбулук менен коркутканын" Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор кабарлады.

Улуттук борборго Ооган согушунун катышуучусу, экинчи топтогу майып, 60 жаштагы жаран 11-октябрда кайрылган.

Аны милиция кызматкерлери 85 жаштагы айылдашынын өлүмүнө шектүү катары суракка чакырышкан.

“Алар мени сабай баштаганда “Эмнеге уруп жатасыңар? Мен 60 жаштамын, токтоткула” деп сурандым. Бирок алар токтогон жок. Менден кошунамды өлтүргөнүмдү мойнума алууну талап кылып, боор тушка, бутка жана башка чабашты. Бирөө таяк жана презерватив алып келип, сексуалдык зомбулук менен коркутту. Шымымды чечип салышты. Мен полдо отуруп, ыйлап, токтотууну сурандым ", - деп Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор пенсионердин катынан үзүндү келтирген.

Улуттук борбордун аймактык өкүлчүлүгү жабырлануучудан арыз түшөр замат Ош облусунун прокуратурасына кайрылган.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун 2020-жылкы баяндамасында кыйноого кабылган адамдардын 83% милиция кызматкерлеринин катаал мамилесине туш болгону жазылган. 2020-жылы 143 арыз түшкөн, көпчүлүгү милицияга түшкөндө ар кандай кыйноого дуушар болгонун билдиришкен. (DU)

XS
SM
MD
LG