Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:56

"Кыргызфильм" эски тасмаларды санариптөөгө мүмкүнчүлүк алды


Blackmagic Cintel Scanner техникалык жабдуу комплексинин бет ачар аземи.
Blackmagic Cintel Scanner техникалык жабдуу комплексинин бет ачар аземи.

Төлөмүш Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы пленкага тартылган эски фильмдерди санариптөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бүгүн, 18-октябрда “Кыргызфильм” киностудиясына Blackmagic Cintel Scanner техникалык жабдуу комплекси берилди.

Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмат Садык Доган, Түрк Кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) өкүлдөрү жана эки өлкөнүн кино ишмерлери катышты.

Мындай жабдуу менен эми “Кыргызфильм” пленкага тартылган эски тасмалады санариптей алат. Учурда киностудияда 900дөн ашуун тасма бар.

Заманбап техникага Кыргызстандагы Түрк Кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) каржылык колдоо көрсөткөн. Жабдуунун баасы 100 миң АКШ долларын түзөт. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG