Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:39

БШК ыктыярчыларды кызматташууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоо алдында ыктыярчылардын командасын кызматташууга чакырат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ыктыярчылар 15-ноябрдан 28-ноябрга чейин шайлоо өткөрүү тартибин жана добуш берүүгө катышуу эрежелерин калкка маалымдоо, түшүндүрүү, добуш берүү күнү майыптыгы бар адамдарга участокто добуш берүүгө катышууга жардам көрсөтүү иштерине көмөк көрсөтөт. Бул үчүн БШК 18 жаштан жогорку курактагы демилгечи топтордун документтерин кабыл алууну баштады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.

БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Партиялык тизме менен катышууну көздөгөн партиялардын арасынан 13-октябрга карата 23ү талапкерлери аныкталганын расмий билдирди.

Бир мандаттуу округдан шайлоодо ат салышам дегендердин саны 380ден ашып, БШК 50дөн ашыгын расмий талапкер катары каттады. Бүгүн, 18-октябрь партиялардан жана бир мандаттуу округдан талапкер болууну көздөгөндөрдөн документ кабыл алуунун акыркы күнү.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар Бишкекте митингге чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан.

БШКнын маалыматына караганда, Кыргызстанда 3,5 миллион шайлоочу бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG