Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 21:36

"Октябрь окуясы" боюнча баштапкы соттук угуу өттү


"Октябрь окуясы" боюнча айыпталуучулар. Үстүңкү катарда Жеңиш Молдокматов, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Курсан Асанов, ылдыйкы катарда Фарид Ниязов, Темирлан Султанбеков, Дамир Мусакеев, Канат Сагымбаев.

2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча баштапкы соттук угуу жыйынтыкталды. Эки аптадан соң иштин өзү карала баштайт. Кылмыштын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана ал окуяга катышкан Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов баштаган бир нече киши айыпталууда.

Коомчулукта айыптоо тандалма коюлган деген талаш пикирлер жаралууда. Анткени "Октябрь окуяларына" азыркы бийлик башындагылар да катышкан эле.

Соттук иштин баяны

Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы жараян 8-октябрда башталган. Отурумга айыпталуучулардын бири Темирлан Султанбеков келбей калганы үчүн жараян 18-октябрга жылган эле. Бул күнкү жыйынга Султанбеков келди.

Камакта жаткан башка айыпталуучулар, "Замандаш" партиясынын мурдагы лидери, саясатчы Жеңиш Молдокматов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов алынып келди. Камактагылардын дагы бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев отурумга катыштырылган жок. Атамбаевдин мурдагы жансакчылары, айыпталуучулар Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеев да сотто болду.

Баштапкы соттук угуу жабык эшик артында өттү. Соңунда судья Убайдулла Сатимкулов айыпталуучулардын бири Темирлан Султанбеков ооруп жатканын жүйө кармап, соттук кароону 2-ноябрга жылдырды.

Атамбаевдин, Сагымбаевдин жана Мусакеевдин адвокаты катары сотко катышып жаткан Замир Жоошев “Азаттыкка” буларды билдирди:

Замир Жоошев
Замир Жоошев

“Айыпталуучулардын ичинен Алмазбек Атамбаев “жараянды менин катышуумсуз өткөрө берсеңер болот” деген арыз жазып бериптир. Баштапкы соттук угуу андан башка беш айыпталуучунун катышуусу менен өттү. Жеңиш Молдокматовдун жактоочусу анын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүндү. Бирок сот аны өзгөртүүсүз калтырып, Молдокматовду мындан ары да тергөө абагында калтырды. Соттук териштирүү ачык өтө турган болду, ага бардык жарандар катышса болот. Иштин материалдары 99 томдон турат экен, мен кыска убакыттын ичинде таанышып чыктым. Алты киши “жапырт башаламандыкты уюштурган жана бийликти күч менен басып алууга далалат жасаган” деген беренелер менен айыпталууда. Бирок мен ошол айыптарды ырастаган далилдерди көрө алган жокмун. Болгону окуяны баяндаган, констатация кылган эле кагаздар бар экен”,- деди ал.

Былтыр 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандардын тарапташтары аларды абактан бошоткон.

Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митинг жети кишини жабыркаткан жаңжал менен аяктап, милиция кылмыш ишин козгогон.

Анын негизинде Атамбаев, кеңешчиси Фарид Ниязов, мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев, Дамир Мусакеев, “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалып, камакка алынган. Атамбаевдин уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаевдер да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген. Кийинчерээк шаардык сот Султанбеков менен Сагымбаевди үй камагына чыгарган.

Кийин бошотулган Курсан Асанов дагы эки жолу кармалып, үй камагына чыкты. Үчүнчүсүндө кармалган боюнча №50 абакта олтурат.

"Замандаш" партиясы менен 2020-жылдагы шайлоого катышкан, кийин “Туран” партиясын түзгөн Жеңиш Молдокматов быйыл 8-майда камалган.

18-октябрдагы баштапкы соттук отурумдун алдында Молдокматов журналисттерге комментарий берип, айыптоону саясий мотив менен байланыштырды:

"Башаламандык, бийликти күч менен басып алуу боюнча бир дагы факты көрсөтө алышкан жок. Жети айдан бери түрмөдө жөн эле отурам, кечирим да сурабайм, эч кимдин алдына ийилип да бербейм. Бирок тарых тазалайт, эл баалайт. Акырында ким алып келсе, ошолор түрмөгө отурат. "Бийликти мыйзамсыз басып алуу" деген күнөөнү коюп жатышат, андай болсо бүгүнкү бийликтин өзү мыйзамсыз",-деди ал.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов дагы “тергөө бир тараптуу жүргөнүн, далилдер күлкү келтирерлик экенин” өз комментарийинде белгиледи.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов бул кылмыш ишти азыркы бийлик менен мурдагы бийликтин биргелешкен аракети катары сыпаттады:

Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.
Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.

“Бул соттук жараян менен бийлик өзүнүн контрреволюциясын актагысы келип жатат. 2020-жылдын октябрь окуялары боюнча тергөө каршылыкка чыккан элди айыптоо жана Сооронбай Жээнбековду колдоого багытталганы ачык көрүнүп турат. Өткөн жылдагы бийлик үчүн күрөштө Садыр Жапаровго жардам бергени үчүн Жээнбековго ыраазылык билдирип жатышкандай. Анткени “Ала-Тоо” аянтындагы 9-октябрдагы тынчтык митингин так ушул Жээнбеков кууп тараткан. Жапаровдун премьер-министрликке келишин да ошол камсыздап берген. Алар экөө тең корккон бир душман табышты. Ошондуктан Алмазбек Атамбаевди, Фарид Ниязовду, Канат Сагымбаевди жана Өмүрбек Бабановду соттоону чечишти. Октябрь окуяларынын күнөөкөрлөрү катары эл бир ооздон бир тууган Жээнбековдорду жана аларга жакын “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” сыяктуу партияларды атап жатат. Алар жарандардын добуштарын сатып алып, бүткүл өлкөнү кемсинтишти. Жаңы бийлик мына ошолорго айып тагыш керек болчу, бирок кайра эле башка оппозициялык саясатчылар Жеңиш Молдокматовду, Курсан Асановду жана Темирлан Султанбековду соттоп жатышат”, - деди Фарид Ниязов билдирүүсүндө.

Баса, ушул эле иштин алкагында былтыр 9-октябрдагы Бишкектеги митингге катышкан саясатчы, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов да айыпталуучу катары өтүп жатат. Бирок биринчи соттук отурумда анын ишин өзүнчө кароо тууралуу чечим кабыл алынган, анын себептери белгисиз. Бабанов өзү “Кумтөр иши” боюнча кармалып, кийин кайра бошотулган.

Жүйөлөрдүн кагылышы

Арийне, “Октябрь окуялары” боюнча кылмыш иштин айыпталуучулары да, алардын жактоочулары да негизги бир жүйөнү көбүрөөк келтиришүүдө.

Алар өз аргументтеринде ошол күнкү окуяларда азыркы президент Садыр Жапаров да абактан чыкканын, аны бошотууга атайын кызматтын учурдагы башчысы Камчыбек Ташиев менен Башкы прокуратуранын учурдагы жетекчиси Курманкул Зулушев да катышканын белгилешет. Бирок алардын жоопкерчилиги каралбай, керек болсо суракка да алынбай калганын “тергөөнүн тандалма” мамилеси катары мүнөздөп жатышат.

Талдоочу Айнура Арзыматова да ушул жөнүндө үн кошту:

Айнура Арзыматова
Айнура Арзыматова

“Азыркы кармалып жаткандардын ичинен коррупцияга айыпталып кармалып жаткандар да өздөрүн “саясий куугунтуктун” негизинде камалдык деп айтып жатышпайбы. Бирок аларга ушундай баа берүү талаш маселе. Бирок былтыркы октябрь окуяларына байланыштуу кармалгандар кайсы бир деңгээлде саясий буйрук менен кармалгандай таасир калтырат. Анткени алар ошол маалда жалпы эл чыккан мезгилде нааразылыкка чыгышкан. Анан аларды соттоп, башка саясий күчтөрдү соттобой коюу калыстык болбой калып жатпайбы. Ошол эле Садыр Жапаров абактан чыккан, Камчыбек Ташиев, Сыймык Жапыкеев жана башкалар октябрь окуяларына катышканы чын. Анда эмне үчүн бир топ жазага тартылышы керек, экинчи топ тартылбашы керек? Мына ушул суроо түркүн түкшүмөлдөрдү жаратууда”.

Бирок ошол эле убакта 2020-жылдагы “Октябрь окуяларын” келип чыгышын жана жүрүшүн бир нече бөлүккө бөлүп карагандар, тергөөнүн бутасына башкача баа беришет.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мындайча комментарий берди:

Чолпонбек Абыкеев
Чолпонбек Абыкеев

“Бул жерде окуяларды чаташтырбаш керек. Алгач шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл күндөп-түндөп аянттан кетпей, "бийликти алмаштыргыла" деген талапты коюп туруп алды. Алар жөн эле шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну эмес, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековду кетсин деп чыкты. Эл резиденцияга чейин бастырып кирүүгө даяр болуп турду. Мына ушундан соң бийлик алмашты жана мен аны “Октябрь революциясы” деп атаар элем. Ошентип, бийлик алмашып, жаңы бийлик турукташа баштаган маалда ошол эле Атамбаев баштаган реваншисттик күчтөр, кайра бийликти кулатабыз деп чыккан. Менин оюмча алар элдин талабына, элдин каалоосуна каршы чыккан. Натыйжада аларды аянтта эл кубалап жиберди. Ошондуктан алардын иши мыйзам өкүлдөрү тараптан аныкталып, сот баа бериш керек. Ал эми Садыр Жапаров бийликке элдик көтөрүлүш менен келди, кийин аны Жогорку Кеңеш премьер-министр кылып шайлаган. Парламент аны бир эмес бир нече жолу шайлаган, кийин президенттик шайлоодо таза утуп чыкты”.

Кеп болуп жаткан былтыркы октябрь окуяларын тергөөнүн алкагында милиция кызматкерлери 100 чакты саясатчы, жарандык активисттердин телефондук сүйлөшүүлөрүн бир ай бою тыңшоого алганы сентябрда ачыкка чыккан. Ички иштер министрлиги муну моюнга алганы менен тыңшоолордун корутундусу жашыруун болорун билдирген.

Телефону тыңшоого алынган саясатчы Клара Сооронкулова, юрист Сания Токтогазиева, активист Рита Карасартова жана башкалар бул жеке жашоого мыйзамсыз кийлигишүү экенин билдиришип, сотко кайрыларын маалымдашкан. Мунун чуусу өзүнчө уланууда.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG