Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 14:33

Жээнбековдун отставкасына бир жыл


2020-жылы 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков отставкасын жарыялаган.

Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда өз арызы менен кызматтан кеткенине бир жыл толду. Былтыр ушул күнү өлкө саясий кризиске батып турганда Жээнбеков президенттикти учурдагы мамлекет башчы Садыр Жапаровго өткөрүп берген.

Сооронбай Жээнбековдун кызматын тапшырышынын жагдайлары ушул убакка чейин ачыкка чыга элек. Кыргызстандын бешинчи президенти Сооронбай Жээнбековдун бийликтен кетиши кийинки бийлик үчүн сабак болобу?

Жээнбеков бийликтен кандайча кетти эле?

2017-жылы 15-октябрдагы шайлоодо президенттикке шайланган Сооронбай Жээнбеков туура үч жылдан кийин былтыр 15-октябрда өз каалоосу менен кызматтан кетерин жарыялаган.

Парламенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга нааразы демонстранттар Ак үйдү ээлеген соң Жээнбековдун бийликтен эртеби-кечпи кетери белгилүү болсо да, анын дал ошол күнү кызматын тапшырары кайсы бир деңгээлде күтүүсүз болгон.

Октябрь окуясында аянтка чыккан Садыр Жапаровдун тарапташтары башка партиялардын өкүлдөрүн аянттан кууп жаткан учур. 9-октябрь, 2020-жыл.
Октябрь окуясында аянтка чыккан Садыр Жапаровдун тарапташтары башка партиялардын өкүлдөрүн аянттан кууп жаткан учур. 9-октябрь, 2020-жыл.

Анткени ал учурда абактан бошотулган Садыр Жапаровду парламент өкмөт башчылыкка шайлаганы менен президент бийликти кандай формада өткөрүп берет деген талкуу жүрүп жаткан.

Сооронбай Жээнбеков ошол күндөрү тараткан кайрылууларында парламенттик шайлоо өткөрүп, бийлик транзитин ишке ашырган соң гана кызматтан кетерин билдирген.

Бирок 14-15-октябрда Жапаровдун тарапкерлери Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылып митинг өткөрүп жаткан. Буга карабай Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетпей турганын анын алдында жолуккан саясий ишмерлерге айтканы белгилүү болгон.

Муну Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев "Азаттыкка" маегинде да билдирген:

"Ал өзүнүн сөзү боюнча, "мыйзамдуу жол менен Жогорку Кеңеш шайлангандан кийин жаңы өкмөт курулат, ошондон кийин кетүүгө даярмын" деп айткан. Дагы бир жолу бышыктаган".

Бирок бул жолугушуудан бир нече саат өтпөй Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткенин жарыялады. Мындай кескин өзгөрүүгө эмне себеп болгону али күнчө белгисиз.

Экс-президент тараткан билдирүүсүндө, "өлкөдө кан төгүүнү каалабаганы үчүн кызматтан кетерин" билдирген.

"Бишкектеги коомдук-саясий абал курч бойдон турганын көрүп турасыздар. Аны басаңдатуу максаты менен кечээ Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитип, тиешелүү дайындоолор боюнча жарлык чыгарып, кол коюп бердим. Тилекке каршы, агрессия дагы эле токтобой, менин токтоосуз кетишимди талап кылышууда. Азыркы кырдаал эки тараптуу кагылышуу болушуна жакындап калды. Бир жагында митингге чыккандар, бир жагында күч органдары турат. Эки тарап кагылышса, кан төгүлүп кетет".

Жээнбеков Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан президент катары калгысы келбегендиктен, кызматтан кетүү боюнча чечимге келгенин айткан.

Жээнбеков үн катпай келет

Ошентип Сооронбай Жээнбеков эгемен Кыргызстандын тарыхында элдин нааразылыгынан улам мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүгө аргасыз болгон үчүнчү президент болуп калды.

Ал отставкага кеткен соң экс-президент деген макамынан ажыратылган жок. Учурда Жээнбеков айрым мамлекеттик иш-чараларга катышканы менен саясий, коомдук турмушка көп аралашпай, маалымат каражаттарына маек бербей келет. Муну ал өлкөдөгү саясий туруктуулук үчүн деп түшүндүрүп, айта турган көп сөзү бар экенин билдирген.

Бирок Кумтөр иши боюнча иниси, Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Асылбек Жээнбеков камакка алынганда да, бул иштин алкагында өзү УКМКга суракка чакырылганда эч кандай комментарий берген жок.

Кыргыз коомчулугунда Сооронбай Жээнбековдун өзү менен жолуккан саясий ишмерлерге башканы айтып, бир нече саат өтпөй ал чечимин өзгөрткөнүнө эмне себеп болгон деген суроо кызыгуу жаратып келүүдө.

Былтыр ушул күнү экс-президент менен жолуккан мурдагы премьер-министр Феликс Кулов Жээнбековду Октябрь окуялары боюнча үн катышы керектигин айтып жүрөт.

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

"Менин пикиримде, Жээнбеков бул сырды ачууга даяр эмес. Анткени, ал алсыздык кылган эле. Аталган алсыздыкты акташ үчүн кайсы бир шылтоону ойлоп табышы керек. Бирок андай жооп даяр боло электей. Ал кан төгүү болуп кетпесин деп корккону үчүн кызматтан кеттим деп түшүндүргөн. Анда ким кан төгүүнү каалаган деген суроо жаралат, эгер аны билсен анын алдын албай, дароо кетүүгө макул болгонсуң".

Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткен бир жыл аралыгында өлкөдө башкаруу системасы толугу менен өзгөрдү. Быйыл январдагы шайлоодо өлкө башына келген Садыр Жапаров сунуштаган президенттик башкарууну жактаган Баш мыйзам кабыл алынды. Бул Баш мыйзамга ылайык түзүлгөн өкмөт ушул жумада ишин баштады.

Жээнбековдун бийлигинин сабагы

Кыргызстанда Жээнбековдун президенттик ишмердиги боюнча пикир бир кылка эмес. Өлкөдөгү бир катар эксперттер анын башкаруусундагы жылдардагы кемчиликтерден азыркы бийлик сабак алышы керек дейт.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов Жээнбековдун бийлигинен алынчу эң башкы сабак ал кетирген каталардын кайталанышына жол бербөө экенин эскертти:

"Биринчи сабак - жакында өтчү шайлоону таза өткөрүүгө бардык шарт түзүү. Былтыркыдай шайлоо үзгүлтүккө учурап, нааразылыктан улам эл көчөгө чыкпагандай болуш керек. Бул үчүн шайлоону калыс жана таза өткөрүү зарыл. Экинчи сабак-башкарууга байланыштуу. Сооронбай Шарипович адам катары өтө жупуну, адептүү болгонуна карабай өзгөрүү жасай ала турган эффективдүү команда топтой алган жок. Ушул нерселерди мен эң чоң кемчилик деп атай алам".

Ал эми Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев мурдагы бийликтин башкы кемчилиги коом менен диалог түзө албай калганында деп эсептейт.

"Президент катары Жээнбековдун алдында коомдук топтор менен ар кандай көйгөйлөр боюнча толук кандуу, алгылыктуу диалог жүргүзө албай калган. Өлкө башына келгенде жарандык коом, ар кыл күчтөрдү тегерек үстөлгө чакырып, үнүн угууга аракет кылганы менен ошол сөздөр улантылбай бара-бара күч кызматтарынын, басым, коррупция менен коштолгон бийлик жүргүзүү ушундай каргашалуу окуяларга алып келди. Мындан азыркы бийлик сабак алышы керек".

Учурдагы бийлик башындагылар мурдагы президенттин катачылыгынан сабак алганын, ага жол бербесин дембе-дем айтып келет. Президент Садыр Жапаров элдин эрки менен эсептешерин жана эффективдүү иш алып барарын убада кылган. Бул үчүн башкаруу системасын өзгөртүп, бардык ыйгарым укуктар менен жоопкерчиликти өз колуна алды. Ал өлкөдөгү мурдагы президентти кийинкиси куугунтуктаган адатты токтотуу үчүн ырым катары Жээнбековдон экс-президент деген макамды албасын жарыялаган.

Бирок саясий чөйрөдө биз жогоруда сөз кылган былтыр ушул күнү Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишиндеги негизги шарттардын бири экс-президенттик макамды жана кол тийбести сактап калуу болгон болушу мүмкүн экенин белгилешет.

Бийликти алмаштырган Октябрь окуясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:41:58 0:00

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG