Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 25-январь, 2020 Бишкек убактысы 06:15

Адахан Мадумаров президенттин "факт сураганын" сындады (видео)


Адахан Мадумаров.

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын башчысы Адахан Мадумаров маалымат каражаттарына карата соттук доолорго байланыштуу "Азаттыкка" комментарий берип, ушул маселеде президент Сооронбай Жээнбековдун "факттарды көрсөткүлө" деген сөзүн сындады:

- Ар бир сөздү сүйлөгөндө "мага факт керек" деп отура берсе, анда акимдердин эмне кереги бар? Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын эмне кереги бар? Министрлердин, өкмөттүн эмне кереги бар? Ар бир киши ар бир нерсени өзү далилдеши керек экен да.

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-декабрда Дубай шаарында журтташтар менен жолугушканда Чолпон Абдырахманова аттуу айым «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Райымбек Матраимовдун декларациясында көрсөтүлбөгөн Дубайдагы мүлкү боюнча суроо берген. Мамлекет башчы ага "факт алып келип көрсөт" деген өңүттөгү жообу социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн.


Анын алдында бир тууган Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» жемкорлуктун бетин ачкан журналисттик иликтөө "кадыр-баркыбызга шек келтирди" деп "Азаттык" радиосун, "Kloop", "24.kg" сайттарын, журналист Али Токтакуновду сотко берип, 60 миллион сомдук доо койгон. (SE\TSh)

Пикирлерди көрүңүз (10)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG