Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:02

Чолпон: коом бийликтен жооп күтөт


Чолпон Абдырахманова.
Чолпон Абдырахманова.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Дубай шаарында журтташтар менен жолугушканда Чолпон Абдырахманова «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Райымбек Матраимовдун декларациясында көрсөтүлбөгөн Дубайдагы мүлкү боюнча суроо берген.

Чолпондун суроосуна президент Жээнбековдун жообу социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Дубайда жашаган мекендешти «Азаттык» кепке тартты.

«Азаттык»: - Чолпон, сиздин президентке узаткан сурооңузду социалдык тармактарда кызуу талкуулап жатышат. Негизи мамлекет башчынын жообу сизди канааттандырдыбы? Өзүңүз кандай жооп күттүңүз эле?

Чолпон Абдырахманова: - Ошол видео жарыяланып кеткенден кийин социалдык тармактарда мага көп адамдар жазып, жакшы сөздөрүн арнап жатышат.

Чындыгында коомчулуктун реакциясы ушундай болорун күткөн эмесмин. Бул деген коом ушундай курч суроолорго мамлекет башчыдан, бийлик өкүлдөрүнөн жооп күтүп жатканын көрсөттү.

Суроонун өзүнө келсек, тилекке каршы, президенттин жообу канааттандырган жок. Менимче, бул жерде анын жообу эмес, ошол суроонун президентке берилгени маанилүү болду деп ойлойм. Анткени мамлекет башчы буга чейин деле бул иш боюнча «мага факты бергиле» деп айтып келген, ошондуктан ушундай жооп берери күтүлгөн болчу.

«Азаттык»: - Ал эми президент «карындашым, сен да бизге жардам бер» дегенин кандай кабыл алдыңыз?

Чолпон Абдырахманова: - Менимче, бул бир аз кызыктай жооп болду. Анткени Дубайдагы ал үйлөрдү, фактыларды табыш менин эмес, тийиштүү органдардын милдети. Мамлекеттик кызматта иштеген адамдын жакындары 12-13 миллион доллар үй-жай алган-албаганын атайын органдар текшерип чыгып, далилдеп бериши керек.


«Азаттык»: - Сиз социалдык тармактарда өлкөдө болуп жаткан окуяларга көз карашыңызды тынбай билдирип келесиз. Мындай активдүү болушуңузга эмне түрткү берет?

Чолпон Абдырахманова: - Чет мамлекетте жашап жүргөнүмө үч жылдан ашып калды. Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жүрөккө тиет, өзгөчө туура эмес, коррупциялык иштер болуп жатканына капамын. Мен мамлекетимдин өсүп-өнүгүшүн гана каалайм. Ошондуктан социалдык тармактар аркылуу өзүмдүн жарандык позициямды билдирип, жок дегенде жакындарыма, тууган-тааныштарыма үнүмдү жеткиргим келет.

Мен мамлекетимдин жараны катары өз оюмду билдиргенге укугум бар. Ал эми тийиштүү мекемелерге үнүм жетсе, бул мен үчүн чоң жеңиш. Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга ар бир жаран өз оюн, өз позициясын билдирип, туура эмес кадамдарга каршылык көрсөтүп турса мамлекеттик органдар мындан да жакшы иштешет беле деген ойдомун.

«Азаттык»: - Чолпон, үй-бүлөңүз «кой, эч нерсе жазба, аралашпа» дедиби?

Чолпон Абдырахманова: - Ооба, президентке суроо узаткан видео чыкканда эле апам чалып «кийлигишпе, үйүн таап бер десе барба» деди. Албетте, коркушат да, анткени «Азаттык» ушул тема боюнча иликтөөсүн баштагандан бери эле канча жаман окуялар болуп кетти. Бирок биз, жаштар, айтпасак, сурабасак, ким айтат? Ошондуктан биз айтып, сурап, өз жарандык позициябызды билдирип турушубуз керек.


«Азаттык»: - Чет жакта жүргөндөргө өлкөдө болуп жаткан окуялар өзгөчө таасир этет эмеспи. Силер да чогулуп, талкуулап турасыңарбы? Эмне сунуштар айтылат?

Чолпон Абдырахманова: - Ооба, чогулуп, талкуулап турабыз. Дубайда жашаган кыргызстандыктардын 80-90% жогорку окуу жайларды бүткөн, тилди билген, кыйын кыздар-балдар десем болот. Чогулганда, албетте, өлкөнүн келечегин сүйлөшөбүз. Мисалы, «биз кийин кайда барып жашагыбыз келет? Кайдан үйлүү болуп, орун-очок алып жайгашабыз?» деген суроолорду өзүбүзгө беребиз. Албетте, көбүнчө өз мекенине кайтып барып, ошол жакта жакындарынын жанында жашап, иштегиси келет. Бирок жаштар кайтып баралы дешсе, ал жактан эмне кылышат? Иш жетишсиз, айлык аз, өздөрүн өнүктүрүп-өстүрүүгө шарт жок. Ошол себептен мамлекеттин өсүшү биз үчүн да абдан маанилүү. Биз да кандай жардам берсек болот, эмне кылсак болот деп ойлонобуз.

Негизи Кыргызстаныбыздын келечегин жаркын көрөм. Билимдүү, кыйын жаштарыбыздын баары кайтып барып, өз салымыбызды кошсок тез эле өнүгүп кетет деген ойдомун. Анткени Кыргызстандын табияты кооз, адам ресурсу күчтүү. Болгону жаштардын потенциалын жогорулата турган күчтүү лидер, күчтүү менежерлер жетишпей жатат деген ойдомун.

«Азаттык»: - Өзүңүз мамлекеттин өнүгүшүнө кандай салым кошо алам деп ойлойсуз?

Чолпон Абдырахманова: - Мен жакында эле досторум, пикирлештерим менен бирге жаштарды билимге тартуу максатында атайын ментордук программа ачканбыз. «Edu mentor» деп аталган долбоордун алкагында мектептин жогорку класстарында окуган окуучуларды эже-сиңди, ага-ини катары менторлукка алабыз. Аларга тажрыйбабыз менен бөлүшүп, тил үйрөнүү, өзүн өнүктүрүү же жогорку окуу жайды тандоо деген сыяктуу маселелерде кеп-кеңештерибизди беребиз. Азырынча ушундай салым кошуп жатабыз, колубуздан көбүрөөк келгенде олуттуу жардам бере алабыз деген ойдомун.

«Азаттык»: - Өзүңүз Дубайда эмне менен алектенесиз? Ал жакта жашаганыңызга канча болду?

Чолпон Абдырахманова: - Бул жакта жашаганыма бир жарым жылдай болуп калды. Өзүм IT компанияда маркетолог болуп эмгектенем.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG