Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:40

Сооронбай Жээнбековдун сурак беришинин сыры


Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков "Кумтөр иши" боюнча иликтөөнүн алкагында атайын кызматка сурак берди. УКМК Жээнбековдон кенге байланыштуу 2017-жылкы Стратегиялык келишим боюнча көрсөтмө алынганын айтты.

Бул документке Сапар Исаков премьер-министр кезинде кол коюлган. Бирок Жээнбеков да анын алдында өкмөт башчы катары “Центерранын” лидерлери менен жолуккан.

Расмий билдирүү жана макам

Экс-президент сурак берип жатканын 12-августта кечинде бир катар ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазып чыгышты. Социалдык түйүндөрдө анын кайсы иш боюнча чакырылганын боолгологондор чыгып, талкуу күчөдү. Кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) расмий маалымат таратты.

Атайын кызматтын өкүлү Назгүл Кыдыралиева “Азаттыкка” буларды айтып берди:

Назгүл Кыдыралиева
Назгүл Кыдыралиева

“УКМК мурда маалымдагандай, мекемелер аралык тергөө тобу 2017-жылы Кумтөр долбоору боюнча стратегиялык келишимдин түзүлүшүнө байланышкан окуяларды иликтөөнүн активдүү этабын баштады. Комиссиянын жагдайын толук, ар тараптуу жана объективдүү иликтөө максатында, айрым жогорку кызмат адамдарынын кылмыштуу иш аракеттерин иликтөө менен белгиленген, зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу, кылмыш ишине тиешелүү окуялар боюнча, 2017-жылы өлкөнүн премьер-министри болуп иштеген, экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2021-жылдын 12-августунда күбө катары суракка чакырылды”,-деди ал.

Мекеме Сооронбай Жээнбековго байланыштуу тергөө амалдары дагы улантылып жатканын билдирди. УКМК ошондой эле "тергөөнүн жыйынтыгында, күнөөсү тергөө тарабынан аныкталган кылмыш иши боюнча бардык айыпталуучулардын аракеттерине, ээлеген кызматына, сиңирген эмгегине карабастан, объективдүү юридикалык баа берилерин" кабарлайт.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун өзүнөн жана адвокаттарынан соңку жагдай боюнча комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Аты-жөнүн айткысы келбеген анын жакындарынын бири бул иш боюнча алар адвокат жалдай электигин, юристтер менен кеңешип жатышканын айтты.

Жээнбековдун тарапкерлеринин бири, журналист Дайырбек Орунбеков анын суракка чакырылышына байланыштуу мындай пикири менен бөлүштү:

Дайырбек Орунбеков
Дайырбек Орунбеков

“Сооронбай Жээнбековдун “экс” макамы болгондуктан аны жоопко тарта алышпайт, суракка да чакыра алышпайт болчу. Ал үчүн парламент аркылуу анын макамын алышы керек. Ошого карабай Жээнбеков сурактан баш тартпай барганы - бул анын мыйзамды сыйлагандыгы, тергөөгө колдоо кылганы. Ошондой эле, муну анын өзүнүн актыгына ишенгенин, Кумтөргө байланыштуу күнөөсү жок экенин билет деп бааласак да болот. Эгерде күнөөсү болсо чочуламак, башка саясатчылар сыяктуу эле буга саясий боёк бермек. Мурдагы президенттердин бири атайын кызмат ушинтип суракка чакырганда барбай коюп, арты эмне болгонун жакшы билебиз да. А бул киши суракка баратканын керек болсо бирөөлөргө да айтпаптыр, унчукпай эле барып көрсөтмө берип чыгыптыр. Биз деле аны эл катары жаңылыктардан окудук”.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин сотко эки жолу суракка чакырылган.

Биринчи жолу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун арызы боюнча 2020-жылдын декабрында Жогорку сот чакыруу жиберген. Капаров Жээнбеков Ош облусун башкарып турган учурда аны сындап камалган эле. Бирок Жээнбеков сотко барбай койгон.

Экс-президент экинчи жолу мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча Бишкек шаардык сотуна чакырылган. Зилалиев “өзү кармалганда банктан табылган миллион доллар аныкы эмес экенин, Сооронбай Жээнбековдун шайлоо фондунун акчасы экенин” айткан эле. Жээнбековдун адвокаттары мында да мурдагы президенттин буга тиешеси жоктугун билдирип, ал сотко барууга милдеттүү эместигин айтып чектелишкен.

Маалымат мейкиндигинде Жээнбековду 2020-жылдын октябрь окуяларына байланыштуу да “суракка алыш керек, жоопко тартыш керек” деген чакырыктар жаңырып келет. Бирок анын бул иш боюнча суракка чакырылганы тууралуу расмий маалыматтар чыккан эмес.

Анын үстүнө жогоруда айтылгандай коомчулукта анын “экс-президент” деген макамын эскертип, ал тергөөгө жана сотко чакырылбашы керектигин айткандар арбын.

Юрист Замир Жоошев бул жагдайды башкача чечмелеп жатат. Ал мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу катары анын “экс-президент” статусун алуу процессинде активдүү катышкан, маселенин жөнүн жакшы билет.

Замир Жоошев
Замир Жоошев

“Экс-президенттердин макамы жөнүндө тиешелүү мыйзам бар. Анын 12-беренесинде “экс-президент президент болуп турган учурда жасаган иш-аракеттери үчүн айыпталып жатса, ал кол тийбестиги алынмайынча жоопкерчиликке тартылбайт” деп жазылган. Эгерде президент болгонго чейин же президент болгондон кийинки жасаган иштери үчүн суракка чакырылса, жоопкерчиликке тартылып жатса, анда суракка кадимки жарандар сыяктуу келгенге милдеттүү. Анда анын макамы, кол тийбестиги эске алынбайт”.

Тергелип жаткан иштин төркүнү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кумтөр кени жөнүндөгү кылмыш иштин алкагында алты-жети эпизод боюнча коррупция фактысын аныктаганын жарыялаган.

Маселен, 1992-1994-жылкы келишимдер, 2003-жылкы келишимдер боюнча тунгуч президент Аскар Акаевге, экс-премьер-министрлер Турсунбек Чыңгышевге, Апас Жумагуловго жана "Кыргызалтын" мамлекеттик концернинин мурдагы президенти Дастан Сарыгуловго айып таккан. Экономикалык кайра куруу жана өнүктүрүү комитетинин экс-төрагасы Борис Бирштейн дале издөөдө.

Акаев 2-августта Бишкекке учуп келип, сурак берип, бир аптадан кийин, 8-августта кайра Кыргызстандан чыгып кеткен.

2009-жылкы Кумтөр долбоорунун жаңы шарттары жөнүндө келишим боюнча экс-премьер-министр Игорь Чудиновго жана "Кыргызалтын" ишканасынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алмаз Жакыповго кылмышка шектүү экендиги тууралуу кабарлама берилди.

Мунун алкагында мурдагы президент Курманбек Бакиевге, анын уулу Максим Бакиевге, Мамлекеттик геология агенттигинин мурдагы директору Капар Курманалиевге, директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеевге, инвесторлордун өкүлү Андрей Сазановго издөө жарыяланды.

2012-2014-жылдар аралыгындагы чечимдерге байланыштуу экс-спикер, депутат Асылбек Жээнбековго, депутат Төрөбай Зулпукаровго, экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабановго, Темир Сариевге, экс-депутаттар Исхак Пирматовго, Талант Узакбаевге, Алмаз Батырбековго, президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаевге, өкмөттүн парламенттеги мурдагы өкүлү Динара Молдошевага жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге айып тагылды.

Булардын ичинен Узакбаев, Батырбеков, Сарпашев тергөө менен кызматташуу келишимине ылайык үй камагына чыкты, Молдошева тилкат менен бошотулган. Бабанов дарылануу үчүн чет жакка чыгарылды. Калгандары камакта. Аталгандардын айрымдары өзү же жактоочулары аркылуу иш боюнча коюлган айыптарды төгүндөп чыгышкан.

Иштин алкагында 2017-жылкы “Центерра” менен болгон Стратегиялык келишим, “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүү маселеси жана Кумтөрдөн 500 миллион доллардын мыйзамсыз чыгарылып кетиши да тергилип жаткан. Ага байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, экс-премьер-министр Сапар Исаковдун, профилдик министрликтердин жана мекемелердин жетекчилеринин, “Центерра” компаниясынын өкүлдөрүнүн аракеттерине юридикалык баа берилери айтылган. Атамбаев азыр башка иштер боюнча камакта, Исаков чет жакка качып кеткен.

Премьер-министр Сапар Исаков менен канадалык “Центерра Голд” компаниясынын президенти Скотт Перри Стратегиялык келишимге кол коюп жаткан учуру. 2017-жылдын 11-сентябры.
Премьер-министр Сапар Исаков менен канадалык “Центерра Голд” компаниясынын президенти Скотт Перри Стратегиялык келишимге кол коюп жаткан учуру. 2017-жылдын 11-сентябры.

Стратегиялык келишимге 2017-жылдын 11-сентябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков менен канадалык “Центерра Голд” компаниясынын президенти Скотт Перри кол койгон. Сооронбай Жээнбеков мындан бир ай мурдараак кызматтан кетип, президенттик шайлоого аттанган эле.

Депутат Дастан Бекешев ошол мезгилди мындайча эстеди:

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

“Ооба, эгер адашпасам Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын август айында президенттик шайлоого аттанарын расмий жарыялап, премьер-министрлик кызматтан кеткен. Анан ошол эле жылы сентябрда келишимге Сапар Исаков өкмөт башчы катары кол коюп жатат. Мында Жээнбеков талапкер эле. “Суу кодекси” болсо 2017-жылдын 16-ноябрында кабыл алынган, мында болсо шайлоодон утуп чыгып, бирок ишине кирише элек болчу. Менимче, УКМК андан “сиз эмнени билесиз, мыйзамды кимдер сүрөгөн, келишимди кимдер жактаган” деп сурап жатышы мүмкүн. Ал ошол учурларда окуянын сыртында жүргөнү менен баары бир билген да. Тиешеси жок болгон күндө дагы анда маалыматтар бар болчу. Эгер тиешеси бар экени аныкталып калса, анда бийлик ал кишини деле жоопкерчиликке тартып коюшу ыктымал. Бул азыркы бийликтин маанайынан көз каранды. Стратегиялык келишимди өкмөт парламенттин макулдугусуз кабыл алып койгонун билесиңер да. Биз ызылдап, сындап чыккандан кийин 2018-жылы гана аны алып келип тааныштырган”.

Деген менен “Центерра Голд” менен болгон Стратегиялык келишимди иштеп чыгуу дээрлик бир жылча убакыт жүргөнү белгилүү. Башкача айтканда, анда Жээнбеков да өкмөт башчы болуп иштеп турган десек болот. Ал тургай Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын 14-сентябрында ошол эле “Центерра Голддун” жетекчиси Скотт Перри менен премьер-министр катары кездешкен.

Толук аталышы “Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү" деп аталган стратегиялык келишимдин алкагында "Центерра Голд" Айлана-чөйрөнү коргоо фондун түзүүгө 50 миллион доллар бөлүп, жыл сайын төлөнчү экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 миллион долларга көтөрүүгө макул болгон.

Буга жооп иретинде кыргыз өкмөтү "Центерра Голдго" карата берген миллиарддаган экологиялык доодон баш тартмак. Ошондой эле, "Центерра Голд" компаниясына Кумтөр кенинде дагы 16 миң гектар жерди иштетүүсүнө жол ачмак.

Бирок Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишеним көрсөтпөй отставкага кеткен соң жаңы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аталган келишимди "өлкө кызыкчылыгына жооп бербейт" деп жаңы сүйлөшүүлөрдү баштаган. Башкача айтканда, Исаковдун күчүнө кирбей калган токтомун Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 27-августунда күчүнө киргизген.

Бул боюнча Абылгазиев 2019-жылдын 3-июлунда кол койгон токтомуна ылайык, “Кумтөр Голд Компаниге” кошумча 16 миң 330 гектар жер берилип кеткен. Сооронбай Жээнбеков мына ушуга байланыштуу да суралышы мүмкүн. Анткени ал түздөн-түз документке кол койбогону менен президенттик кызматта турган. Абылгазиев ушул жана башка айыптар боюнча кармалып, камакта жатат.

Парламенттин экс-вице-спикери Кубанычбек Исабеков мурдараак “Азаттыкка” берген комментарийинде аталган жер аянтын мурда да берүү аракети болуп, ишке ашпай калганын, кийин Сооронбай Жээнбековдун тушунда берилип кеткенин айткан эле.

Кубанычбек Исабеков
Кубанычбек Исабеков

"16 330 гектар жер боюнча мурда эле кылмыш ишин козгоп, ага тиешеси бар кызмат адамдарын камакка алыш керек болчу. 2011-жылы бул тууралуу билип калып, ошол кезде премьер-министр болуп турган Атамбаевге кайрылдым. Бирок жооп бербей койду. Анан мен Финполго, кийин сотко арыз менен кайрылып, 2010-жылы 25-мартта мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов 16 миң гектар жерди жалпысынан 26 миң гектарга толуктап туруп, мыйзамсыз берип салганын айтып чыккам. Ал жер тилкелери өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймагына кирген тилкелер болчу. Мен анда бул жерлерге техника киргизип, талкалап баштаганын айткам. Бирок анда эч ким уккан жок. Бардыгы мага каршы чыгышты. Ошондо парламент депуттарына аталган токтомду бердим. Алар ошол кездеги премьер-министр Бабановго басым кылып отуруп, аталган токтомду акыры жокко чыгартышкан. 2009-жылы бизге, парламентке ратификацияга келген мыйзам долбоорунда андай жер тилкелери тууралуу сөз жок. Бирок ар кандай оюндар жүрүп, өкмөт башчылыкка келген Абылгазиев жерди кайра 2019-жылы “Кумтөргө” кайтарып берип салып жатпайбы. Ал ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго айтпай туруп, жаап-жашырып берип салды дейсиңерби?! Бул жерде мен көп нерселерден шекшип, күмөн санаган маселелер бар”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кумтөр боюнча кылмыш иштердин жыйынтыгы кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууга алып келерин расмий маалымдап жатат. Ал тургай мекеме Башкы прокуратура менен чогуу расмий келишимдерди денонсациялоо процессин баштаганын да жарыялады.

Кыргызстандын Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин чечими менен быйыл 17-майда “Кумтөр Голдго” үч айга убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Мындай сунушту парламентке алтын кенге байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия берген.

“Сырттан башкаруу” деген сөз - бул “кенди иш жүзүндө Кыргызстандын бийлиги башкарат” дегенди түшүндүрөт. Өкмөттүн атынан кенди азыр Теңгиз Бөлтүрүк жетектөөдө. Компанияны тыштан башкаруу зарыл болсо дагы узартылары айтылган.

Азыр маселени чечүүнүн жолу катары эки жолду - “сүйлөшүү” же “соттошуу” айтып жатышат. Үчүнчү жол кенди биротоло “улутташтыруу” же “келишимдердин баарын жокко чыгаруу” болушу мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG