Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Бир тууган Жээнбековдор Жогорку сотко чакырылды


Абдылда Капаров. Ош шаары. 2005-жыл.
Абдылда Капаров. Ош шаары. 2005-жыл.

Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси, Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Асылбек Жээнбеков Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун арызы боюнча Жогорку сотко чакырылган. 16-декабрга белгиленген соттук териштирүү жоопкер тараптын келбегенине байланыштуу 12-январга жылдырылды. Бул тууралуу доогер Абдылда Капаров «Азаттыкка» билдирди:

«Мен 4-октябрь күнү бошодум. Андан кийин сотко арыз жазгам. Эми күч органдары ишти адилет карайт, юридикалык баа берет деп ойлойм».

Капаров 2017-жылы 25-мартта кармалган. «Экстремисттик чакырык таштаган, улут аралык кастыкты козуткан» деген айыптын негизинде камалган. Капаров ал кездеги өкмөт башчы, экс-президент Сооронбай Жээнбековго «июнь окуясына байланышуу келген акчаны кымырып алган» деген доомат коюп, кадыр-баркына шек келтирди деп күнөөлөнгөн.

Буга экс-президент, өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы өкүлү Сооронбай Жээнбековдун арызы себеп болгон. 2018-жылы 27-июнда Ош облустук соту Капаровду төрт жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөөгө милдеттендирген.

Капаров 2010-жылы коогалаң учурунда Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген. Кийин Ошто саясатчылар Камчыбек Ташиевди, Акматбек Келдибековду жана Мелис Мырзакматовду колдоп митингдерге катышып жүргөн. Ош шаарындагы митингдердин биринде ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөп жиберген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG