Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Саймаитиге байланыштуу депутаттык комиссиянын ишине түшүндүрмө берди


Стамбулда Айэркен Саймаити киши колдуу болгон жер. 2019-жыл, 10-ноябрь.
Стамбулда Айэркен Саймаити киши колдуу болгон жер. 2019-жыл, 10-ноябрь.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Айэркен Саймаитинин тек-жайына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча комиссиянын ишине байланыштуу түшүндүрмө таратты. Анда Саймаитиге байланыштуу комиссия ачык-айкын иш жүргүзгөнү белгиленген:

«Дагы бир белгилей кетчү жагдай, Айэркен Саймаитинин тек-жайына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын бардык отурумдары ачык өтүп, өлкөдөгү көпчүлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылып, айрым массалык маалымат каражаттарды жыйынды түз алып көрсөткөн».

Кыргызстандан миллиондогон долларды чыгарып кетүүгө аралашкан, кытайлык уйгур улутундагы ишкер Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу жагдайларды териштирүү үчүн 2019-жылдын ноябрында Талант Мамытов жетектеген депутаттык комиссия түзүлүп, ал ишин 2020-жылдын июнь айында жыйынтыктаган. Комиссиянын корутундусу парламенттин 18-июндагы отурумунда талкууланган жана токтом кабыл алынган.

Комиссиянын отурумдарында жана корутундусуна Саймаити менен байланышы бар деп айтылып келаткан Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ысымы аталган эмес. Ошондой эле комиссия «иликтөөчү журналист Али Токтакунов Саймаитиден 100 миң доллар пара алган» деген эки адамдын күмөндүү көрсөтмөсүн жарыялаган.

Мындай тыянак коомчулукта Талант Мамытов жетектеген утурумдук комиссиянын ишинен күмөн санаган пикирлерди жараткан.

2019-жылдан бери «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу бир катар журналисттик иликтөөлөрдү жарыялаган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Матраимовго байланышкан ишти учурда УКМК тергеп жатат. 9-декабрда АКШнын Финансы министрлиги Райымбек Матраимовду «Магнитский» санкциясын киргизген. 49 жаштагы Матраимов 1997-2017-жылдары Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматында иштеген. Ал 2015-2017-жылдары бул мекеменин төрагасынын орун басары болгон. 8-декабрда Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдагандай, ал мамлекетке жалпысынан 773 миллион сом төктү. (BCh)

XS
SM
MD
LG