Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:14

ТАСС: Москвада кыргызстандык курьер бычакталды


Москва полициясы. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Москва шаарында «Delivery Club» тамак жеткирүү кызматынын курьери бычакталып, набыт болду. Ал кыргызстандык 19 жаштагы жигит экенин ТАСС агенттиги укук коргоо органдарына таянып 16-декабрда кабарлады.

Окуя Ясеново районунда болгон. Курьерди ким бычактаганы анык эмес, ал ооруканада көз жумган. Бычак анын жүрөгүнө кирген.

Баштапкы маалыматтарга караганда, курьер өзүнүн тааныштары менен чырдашкан болушу мүмкүн. Жумуш маалында бычакталганбы же бош учурундабы, белгисиз. Бирок ал иштеген «Delivery Club» кызматынын жетекчилиги маркумдун жакындарына жардам көрсөтүлөрүн билдирген.

Кылмыш иши козголуп, полиция териштире баштады.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги окуянын чоо-жайын юристтер тактап жатканын билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG