Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

АКШда бир күндө коронавирус 248 миңден ашык адамга жукканы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШда соңку бир күндө коронавирус жуккан адамдардын саны дагы бир жолу эң жогорку чекке жетти. Атап айтканда шейшембиде оору дагы 248 миңден ашык адамдан катталды. Жон Хопкинс университетинин эсебинде, оору жалпысынан 304 миңден көп бейтаптын өмүрүн алып кетти, пандемия башталгандан бери ооругандар 17 миллионго чукулдап калды.

Ал эми дүйнө жүзүндө коронавирус 73 миллиондон көп кишиге жугуп, 1,6 миллион адам көз жумду.

Шейшембиден тартып АКШнын бардык штаттарындагы медициналык жайларга америкалык «Pfizer» компаниясы менен анын немис өнөктөшү «BioNTech» өндүргөн вакцина жеткириле баштаган. Кошмо Штаттардын COVID-19 илдетине каршы жапырт эмдөө программасынын алкагында алгач 150дөй медкызматкерге вакцина сайылды.

АКШ өкмөтү ушул жуманын соңуна чейин 630дөн ашык жерге «Pfize/BioNTech» вакцинасынын 2,9 миллион дозасы жеткирилерин кабарлаган.

Бул вакцинаны жапырт колдонууга биринчилерден болуп Британия макулдук берген. Андан кийин препаратты Мексика, Сауд Арабиясы, Байхрейн менен Израил да жактырган. Орусия менен Кытай болсо коронавируска каршы өздөрү чыгарган вакцинаны колдонуп жатат.

XS
SM
MD
LG