Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Шыкмаматов: “Кумтөр” боюнча соңку келишим кечирилгис ката болгон


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Кумтөр” ишканасы боюнча соңку келишим өкмөттүн кечирилгис катасы болгон деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттик оппозициянын өкмөттүн отчетун караган жыйынында премьер-министр Сапар Исаковго кайрылып билдирди:

- 7 миллиард сомду биз сотту утуп экология боюнча өндүрүшүбүз керек эле. Андан сиздин өкмөт баш тартты. Бул кыянаттык. Сиздин өкмөттүн убагында биздин “Центеррадагы” үлүшүбүз 6% азайды. Муну силер эч кандай тана албайсыңар. “Центеррадагы” ал боюнча добуш берген биздин мүчөлөргө чара көрүлгөн жок, демек, ал силердин макулдук менен болгон.

Премьер-министр Сапар Исаков мындай айыптоону четке какты:

- Кумтөр көйгөйү көп жылдан бери саясий чоң маселе болуп жүрөт. Азыркы мамиле 2009-жылы кол коюлган келишимдин негизинде түзүлүүдө. “Центерра” ал келишимден “баш тартпайбыз” деп жатат.

Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн кыргыз өкмөтү канадалык инвестор “Центерра Голдду” 2013-жылы сотко берип, 100 миллион доллар кенемте талап кылган. Бирок 2017-жылы стратегиялык макулдашуу кабыл алынып, Кыргызстан доосунан кайра баш тарткан. Анын ордуна “Центерра Голд” онкологиялык кызматты жакшыртууга 10 миллион, жаратылышты коргоого 50 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон.

Бүгүн Жогорку Кеңештеги азчылыкты түзгөн "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары өкмөттүн бир жылдык отчетун угуп чыгышты.

Анда негизги талкуу-талаш Кумтөр, Тогуз-Тородогу жагдай, "Акылдуу шаар" долбоору, ГЭС куруу, коррупцияга каршы күрөш жана башка жагдайларга байланыштуу болду. Жыйынга премьер-министр Сапар Исаков катышты.

Натыйжада парламенттеги оппозициялык азчылык өкмөттүн 2017-жылдагы ишин канааттандырарлык эмес деп тапты. (RK)

XS
SM
MD
LG