Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

«Centerra Gold Inc» менен стратегиялык келишимдеги акча көбөйтүлдү


27-августта өкмөт өткөргөн жыйын.
27-августта өкмөт өткөргөн жыйын.

Кыргыз өкмөтү менен «Centerra Gold Inc» компаниясынын ортосундагы стратегиялык келишим күчүнө кирди. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-августта өткөргөн кеңешмеде айтты.

Документке 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган. Анда эки тараптын милдеттенмелери жазылган. Макулдашуу боюнча 2026-жылга чейин Кыргызстанга жалпы суммасы 87 млн. доллар каражат келип түшмөк. Өкмөт каржынын көлөмүнө макул болбой, сүйлөшүүлөр жүргөн.

- Узакка созулган кошумча сүйлөшүүлөрдөн кийин жыйынтыгында бул сумма дагы 150 млн. долларга чейин көбөйтүлдү. Ага геологиялык чалгындоо иштери да киргизилген. Биз кошумча 63 млн. долларга жетиштик, аны менен бирге биз өзүбүзгө бир да кошумча милдеттенме алган жокпуз, - деди Абылгазиев.

Анын айтымында, быйыл жыл аягына чейин Кыргызстан 77 млн. доллардан ашуун каражат алат. Анын ичинде Онкологияга каршы өнүктүрүү фондуна учурда келип түшкөн 7 млн. доллар бар.

Өкмөт башчы Кумтөр кени иштей баштаган 22 жылдын ичинде биринчи жолу жаратылышты коргоо чараларына олуттуу каражат бөлүнүп жаткандыгын кошумчалады.

Анын алдында Канаданын «Centerra Gold Inc» компаниясы билдирүү таратып, буга чейинки кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн стратегиялык келишимге ылайык, тараптардын «Кумтөр» долбооруна тийиштүү экологиялык соттук териштирүүсү токтотулганы кабарлаган.

XS
SM
MD
LG