Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Европадагы саясатчылар Саакашвилини абактан бошотууну талап кылышты


Михаил Саакашвили Руставидеги абакка жеткирилген учур, 1-октябрь 2021-жыл.
Михаил Саакашвили Руставидеги абакка жеткирилген учур, 1-октябрь 2021-жыл.

Европадагы бир катар депутаттар жана саясатчылар Грузиядан мурдагы грузин президенти Михаил Саакашвилини абактан бошотууну талап кылышты. Алар мындай мазмундагы кайрылуусун 18-октябрда Европа кеңешине, Еврокомиссияга жана Европа парламентине жолдошту.

"Сакашвилини түрмөгө камоо чечими акыйкат сот процесси өткөнгө чейин убактылуу токтотулушу керек", - деп айтылат расмий кайрылууда.

Бул кайрылууга Латвиянын мурдагы президенти Валдис Затлерс, Украинанын экс-президенти Виктор Ющенко сыяктуу 70тей мурдагы жана азыркы саясий ишмерлер, анын ичинде Европа парламентинин 20дай депутаты кол койгон. Анда Грузиядагы сот системасы саясий максаттагы иштерге курал болуп берип жатканы белгиленген.

Грузияны 2004-2013-жылдары башкарган мурдагы президент Михаил Саакашвили чет өлкөдө дээрлик сегиз жыл бозгунда жүргөндөн кийин 1-октябрда мекенине кайтып келген. Ал Грузияга келгенден көп өтпөй кармалып, Руставидеги абакка жеткирилген. Андан бери саясатчы каршылык иретинде ачкачылык кармап жатат.

Саакашвили мекенинде президент болуп турган кезиндеги бир нече ишке байланыштуу "коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, сыртынан жалпысынан 9 жылга абакка кесилген. Мурдагы грузин президенти бул айыптарды саясий куугунтук катары мүнөздөп келет.

53 жаштагы Саакашвили Грузиядагы жергиликтүү шайлоолордун алдында кайтып келип, элди өзү негиздеген "Бириккен элдик кыймыл" партиясына добуш берүүгө үндөгөн. Бул шайлоодо бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы алдыга чыкканы менен айрым аймактарда шайлоонун экинчи айлампасы 30-октябрга белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG