Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Шайлоо-2021: Документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктады


Бир мандаттуу округдардын картасы.
Бир мандаттуу округдардын картасы.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн партиялардан жана бир мандаттуу округдардан талапкер болууну каалагандардан документтерди кабыл алууну токтотту.
Мыйзам боюнча, документ тапшырууга берилген убакыт 18-октябрда кечки саат 18:00де аяктады.

БШК бул убакытка чейин имараттын ичине кирүүгө үлгүргөн талапкерлерден документтерди алууну улантып жатат. Айрым жергиликтүү басылмалар кайсы бир партиялар БШКга убагында жетишпей калганын жазышууда.

Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, буга чейин арыз берген 23 саясий партиянын 21и документтерин берип жетишти.

"18-октябрь, саат 18:00ге карай талапкерлеринин тизмесин түзүп жетишкен 23 саясий партиянын ичинен 21 партия документтерин толук өткөрдү. Бир мандаттуу округдардан кайрылган 377 адамдын ичинен 341и шайлоо күрөөсүн төккөнү анык болду. Учурда документтер менен иштөөнү улантып жатабыз".

Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип, БШКга 381 адам кайрылган. Алардын төртөө өз каалоосу менен ат салышуудан баш тарткан.

Шайлоого катышуу ниетин билдирип жалпы 70тен ашуун партия кайрылган.

Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо 29-октябрда аяктайт. 29-ноябрда үгүт иштери башталат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG