Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Абактагы тажик адвокаты Ёровдун жаза мөөнөтү кыскарды


Адвокат Бузургмехр Ёров.
Адвокат Бузургмехр Ёров.

Тажикстанда «Ислам кайра жаралуу» партиясынын мүчөлөрүнүн укугун коргоп жүрүп, 28 жылга эркинен ажыратылган адвокат Бузургмехр Ёровдун абактагы мөөнөтү дагы төрт жылга кыскартылды. Мындай чечим Тажикстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган мунапыстын алкагында кабыл алынды. Бул тууралуу адвокаттын эжеси Хосият Ёрова 18-октябрда "Азаттыктын" тажик кызматына билдирди. Анын абактагы мөөнөтү ушуну менен экинчи жолу кыскартылып жатат.

"2019-жылы Бузургмехрдин абак жазасы мунапыс менен 6,5 жылга кыскартылган. Эми мөөнөтү төрт жылга кыскартылды. Дагы 11 жыл жана алты ай жаза өтөйт", - деди Хосият Ёрова.

Бузургмехр Ёров Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалган. 2016-жылы Кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча айыптуу деп табылып, 28 жылга эркинен ажыратылган. Ёровго "көз боёмочулук", "документтерди мыйзамсыз жасоо" жана "президентке акаарат келтирүү" деген бир нече айып коюлган. Ал айыптарды четке каккан.

Буга чейин Европа биримдиги жана Европарламенттин депутаттары Вахдат колониясында жазасын өтөп жаткан Ёровду бошотууну талап кылышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG