Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Рахмон абактагы 16 миң кишиге ырайым кылат


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон "Мунапыс тууралуу" мыйзам долбоорун өлкө парламентинин төмөнкү палатасына сунуштады. Ага ылайык, камактагы 16 миң кишиге ырайым берилет. Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев быйыл үчүнчү ирет абактагыларга мунапыс жарыялады.

Расмий Дүйшөмбү билдиргендей, 9-сентябрда Тажикстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын утурлай мунапыс мыйзам долбоору кайрадан каралды. Ага ылайык, камактагы 16 миң кишиге ырайым берилет.

Алардын 10 700үн кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп, эркиндикке чыгаруу каралууда. Мындан тышкары дагы 5300 кишинин жаза мөөнөтү кыскартылат.

"Ырайым берүүдө аялдарга, жашы жете электерге, 55 жаштан ашкандарга, майыптыгы жана өнөкөт оорусу барларга, мамлекеттик сыйлык алгандарга, согуштун ардагерлерине жана чет өлкөлүк жарандарга артыкчылык берилет", — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Эмомали Рахмон .
Эмомали Рахмон .

Айтылган "Мунапыс мыйзамы" 6-сентябрда Тажикстандын парламентинин кезексиз сессиясында каралат. Парламент жактырып, мамлекет башчы кол койгондон кийин, мыйзам эки ай ичинде аткарылышы керек.

Деген менен өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын соттолгон мүчөлөрүнө, ошондой эле Бузургмехр Ёров, Зайд Саидов, Махмадрузи Искандаров, Гаффор Мирзоев жана башка белгилүү тажикстандыктарга мунапыс берилеби же жокпу азырынча белгисиз.

Буга чейин бийлик Тажикстан демократиялык партиясынын мурдагы төрагасы Махмадрузи Искандаров менен мурдагы өнөр-жай министри Зайд Саидовго ырайым берилбей турганын кабарланган.

Анткени Искандаровго терроризм боюнча өкүм чыкса, Саидов зордуктоо беренеси менен соттолгон. Тажикстандын Жаза кодексинин бул беренелери мунапыска кирбейт. Ал эми Махмадрузи Искандаров менен Зайд Саидов бул беренелер боюнча коюлган айыптарды бир нече жолу четке кагышкан.

"Мунапыс өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга, ошондой эле мурда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган же Тажикстандын 2019-жылы кабыл алынган "Мунапыс жөнүндө мыйзамына" ылайык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдарга карата колдонулбайт", - деп жазды президенттин басма сөз кызматы.

Тажикстанда "Мунапыс тууралуу" акыркы мыйзам 2019-жылы өлкө Конституциясынын 25 жылдыгына карата кабыл алынып, абактагы 7 миң киши эркиндикке чыгарылган.

Жергиликтүү серепчилердин айтымында, Тажикстандын сот системасы репрессивдүү мүнөзгө ээ болгондуктан, көпчүлүк учурларда майда кылмыш кылгандар узак мөөнөткө соттолот. Мындан улам абактар тез толуп, аларды бошотуу үчүн бийлик мунапыс жарыялап келет.

Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Тажикстанда 19 түрмө бар. 2019-жылы "Мунапыс мыйзамы" кабыл алынганга чейин, абактарда 13 миң киши болгон.

Өзбекстандагы үчүнчү мунапыс

Ал арада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да жазасын өтөп жаткан 215 жаранга өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата ырайым берүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Ырайым алган үч киши жазадан толугу менен бошотулат, 127 киши мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыгат, 12 адамдын жазасы жумшартылып, 73үнүн жаза мөөнөтү кыскартылат.

Мунапыс берилгендердин арасында 14 аял, жашы 60тан жогору 12 киши, 69 чет өлкөлүк жаран бар.

Президенттин жарлыгына ылайык, ырайым алган кишилерди үй-бүлөсүнө жана жакындарына кайтаруу, социалдык жактан адаптация болууга көмөктөшүү, иш менен камсыз кылуу милдети тиешелүү министрлик жана мекемелерге жүктөлдү.

Мирзиёев быйыл ушуну менен үчүнчү ирет мунапыс жарыялап жатат. Алсак жыл башында Өзбекстанда "Мунапыс тууралуу" жобого өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, мамлекет башчысы эми өз демилгеси менен соттолгон же жазасын өтөп жаткан ар бир адамга ырайым бере алат.

Бул жобого кол коюлган күндөн көп өтпөй Мирзиёев Нооруз жайрамын утурлай 140 кишини, Орозо айттын урматына 100 адамга ырайым кылган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG