Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Ислам кайра жаралуу партиясынын башчыларынын бири абакта жан берди


Абдусаттор Бобоев 2015-жылы камакка алынган.
Абдусаттор Бобоев 2015-жылы камакка алынган.

Тажикстанда ишмердигине тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын саясий кеңешинин мурдагы мүчөсү Абдусаттор Бобоев абакта каза болду.

Анын жакындары Хужант шаарындагы түрмөдө отурган Бобоевди бийлик 26-майда «жүрөк оорусунан каза болду» деп билдиргенин маалымдашты. Маркумдун сөөгү тууган-уругуна берилди жана денесинде зордук-зомбулуктун изи болгон эмес.

Абдусаттор Бобоев 2015-жылы камакка алынган жана ага «экстремизмге чакыруу», «экстремисттик топ түзүү» өңдүү айыптар коюлган. Бир жылдан кийин сот аны 11 жылга эркинен ажыраткан, сот жараяны жабык өткөн.

Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясы 2015-жылы экстремисттик деп табылган жана анын ишмердигине тыюу салынган. Партиянын бир катар мүчөлөрү камакка алынган, айрымдары өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Укук коргоочулар бул партияга жасалган кысымга байланыштуу бийликти айыптап жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG