Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Атамбаевди 11 жылга кескен сот өкүмү кайрадан күчүнө кирди


Алмазбек Атамбаев сот отурумдарынын биринде.
Алмазбек Атамбаев сот отурумдарынын биринде.

Жогорку сот “Батукаев иши” боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата өкүмдү кайра күчүнө киргизди. Бул тууралуу Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев 19-октябрда кабарлады.

Анын билдиришинче, сот өкүмдү калыбына келтирүү чечимин 12-октябрда кабыл алган. Чечим адвокаттардын колуна эми тийген.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Атамбаев ушул ишке байланыштуу Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармалган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн.

2020-жылы, 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди “Батукаевдин иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кескен. Ошол эле жылы 17-августта Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Былтыр октябрь окуяларындагы башаламандыктарда Атамбаев абактан бошотулуп, кайра кармалгандан кийин анын адвокаттары сотко кайрылышкан.

Жогорку сот 2020-жылдын 30-ноябрында ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Быйыл октябрдын башында башкы прокурордун орун басары Кумарбек Токтакунов Жогорку сотко кайрылып, Жогорку соттун ушул токтомун жокко чыгарып, мурдагы чечимди күчүндө калтырууну өтүнгөн.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Кой-Таш окуясы” боюнча 27-сентябрда Биринчи май райондук сотунда өткөн отурумда быйылкы парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин журналисттерге билдирген. Атамбаевдин адвокаттары Жогорку соттун чечимин экс-президентти шайлоого катыштырбоо аракети катары сыпатташууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG