Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Халилзад кызматтан кетти


АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад (ортодо) Катардын Доха шаарында, 10-август 2021-жыл.
АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад (ортодо) Катардын Доха шаарында, 10-август 2021-жыл.

Кошмо Штаттардын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад кызматтан кетти. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 18-октябрда билдирди. Ал Халилзаддын ордуна анын орун басары Томас Уэст иштеп турарын айтты.

70 жаштагы Залмай Халилзад "Талибан" (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) Ооганстанда бийлигин орнотконго чейин бул кыймыл менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө жооптуу болгон.

"Мен анын ондогон жылдар бою америка элине кылган кызматына ыраазычылык билдирем", - деди Блинкен.

Халилзад кызматтан кетүү өтүнүчү камтылган катында өзүнүн ишмердигин коргоп, ошол эле учурда бул ролдо өзү каалаган иштерди жүзөгө ашыра албаганын да моюнуна алган.

"Ооган өкмөтү менен "Талибандын" ортосундагы саясий мунаса табуу аракети көздөгөндөй болгон жок", - деп белгилеген дипломат.

Залмай Халилзад АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы кызматына 2018-жылдын сентябрь айында мурдагы президент Дональд Трамптын тушунда дайындалган. Андан бери "Талибан" кыймылы менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдү жетектеп, анын жыйынтыгында былтыр февраль айында талибдер менен Доха келишимине кол коюлган.

Ал документте америкалык күчтөр Ооганстандан чыгып кетери, талибдер АКШ баштаган НАТО күчтөрүнө кол салбай, ооган жергеси кайрадан эл аралык террорчулардын чордонуна айланышына жол бербеши керек экени жазылган.

"Талибан" август айынын ортосунда Кабулду ээлеп, андан эки жума өткөндөн кийин америкалык күчтөр Ооганстан чыгып кеткен. Натыйжада АКШнын Ооганстандагы 20 жылдык согушу аяктаган. АКШнын учурдагы президенти Жо Байдендин администрациясы Халилзад түзгөн Доха келишими америкалык күчтөрдүн Ооганстандан чыгып кетиши менен коштолгон окуяларда Вашингтондун иш-аракетин кыйла чектеп койгонун билдирген.

Залмай Халилзад соңку кызматына чейин АКШнын Ооганстандагы, Ирактагы жана Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси болуп иштеген. Ал мектеп окуучуларын алмашуу программасы менен АКШга келип, кийинчерээк америка жарандыгын алган.

XS
SM
MD
LG