Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

НАТО Орусиянын мүмкүн болгон коркунучунан коргонууну талкуулайт


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. 20-август, 2021-жыл.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. 20-август, 2021-жыл.

НАТОго мүчө мамлекеттерге кирген өлкөлөр Орусиянын потенциалдуу чабуулдарынан коргонууга багытталган «башкы планды» талкуулашат.

"2018-жылы НАТО боюнча өнөктөштөр Орусия кыска жана орто аралыктагы ракеталар тууралуу келишимди бузуп, ракеталарды ойлоп тапканын аныкташкан. Бул ракеталар евроатлантикалык аймактын коопсузд угуна коркунуч жаратат. Биз Орусиянын аракеттерин кайталабайбыз бирок коргонууну күчөтөбүз",-деди аскердик альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг.

21-октябрда Брюсселде башталган эки күндүк саммитте 30 мамлекеттин коргонуу министрлери ошондой эле Ооганстандагы кырдаалган «алынган сабактарды» жана башка негизги маселелерди талкуулашат.

Орусия аскердик коркунуч жаратуу ниети жок экенин билдирип, НАТО коргонуу даярдыктары менен Европада туруксуздук жаратып алышы мүмкүн деп эскертип келет.

Батыштагы расмий адамдардын айтуусуна караганда, Орусия Украина менен чектешкен аймакка май айында 100 миңдей аскерди топтогон. Бул 2014-жылы Москва Крымды басып алгандан берки эң масштабдуу аскердик жыйын болуп калды. Ошондой эле Орусия Беларус менен биргеликте сентябрь айында өткөргөн ири аскердик машыгууда жаңы роботторду колдонгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG