Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Ошто үч баланын энеси асынып алганы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы Туран кичирайонунун 30 жаштагы тургуну асынган абалда табылганы тууралуу маалымат шаардык ички иштер башкармалыгына 19-октябрда, күндүз саат 15:30да түшкөн.

Милиция окуя болгон жерге барып, үйдүн кире беришиндеги устунга моюн орогуч менен муунган аялды көрүшкөн.

ШИИБнын басма сөз кызматы бул факт "Өзүн өзү өлтүрүү" беренеси менен бирдиктүү реестрге катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын маалымдады. Иликтөө иштери уланууда.

Кыргызстанда зомбулуктан жана башка түрдүү себептерден улам кыз-келиндердин өз жанын кыйган учурлары көп катталат.

Турандык келиндин өлүмү жыл башынан берки алтынчы окуя. Январь айында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки жаш келин өз жанын кыйган. Июль айында Ош шаарында 33 жаштагы келин асынган. Апрелде Ош шаарына танапташ жайгашкан Ишкаван айылында 32 жаштагы келин, төрт баланын энеси жоолукка асынып каза болгон.

23-апрелде Сузакта беш балалуу, 24 жаштагы келиндин сөөгү өз короосунда асылып турган жеринен табылган.

Бул окуялар боюнча да милиция териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдаган.

ИИМдин маалыматына караганда, өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулук барган сайын көбөйүүдө. 2016-2018-жылдары үй-бүлөлүк зомбулук фактысы 7000ден түшкөн эмес. Алардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей түрдүү себептер менен кыскарып кеткен. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG