Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

Чек ара кызматы жаңы техникалар менен толукталды


Чек ара кызматына тапшырылган аскердик техникалар. Бишкек, Кыргызстан. 21-октябрь, 2021-жыл.
Чек ара кызматына тапшырылган аскердик техникалар. Бишкек, Кыргызстан. 21-октябрь, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматына аскердик техниканы тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, зооттолгон 40 даана транспорт Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө үчүн президентттин тапшырмасы менен сатылып алынган.

Өлкөнүн эгемендик тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын жергиликтүү аймактарына ылайыкталган жаңы аскердик техника ушунча санда толугу менен бюджеттик каражатка сатылып алынды.

Кыргызстан мурдатан маал-маалы менен чет мамлекеттерден аскердик түрдүү транспортторду жардам алып турчу. Чек араларда катталган жаңжалдар өлкөгө аскердик техникалар, курал-жарак жана башка нерселер жетишпегенин көрсөткөнүн бир катар эксперттер айтып чыккан.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Кытай жана Казакстан менен линия толук такталып бүтсө, Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасын делимитация жана демаркация кылып бүтө элек. Соңку аталган эки өлкөнүн ортосундагы талаш тилкелерде чыр-чатактар улам катталып турат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG