Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Бишкекте машине токтоочу жайлардын кызматкерлери митингге чыгышты


Бишкек шаардык мэриясынын алдына чыккан митингчилер. 24.kg сайтынын сүрөтү.
Бишкек шаардык мэриясынын алдына чыккан митингчилер. 24.kg сайтынын сүрөтү.

Бишкек шаардык мэриясынын алдына “Бишкек токтомолору жана унаа туруктары” (“Бишкекские парковки и стоянки”) муниципалдык ишканасынын 20га жакын кызматкери митингге чыгып, мекеменин башчысы Талантбек Жамгырчиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

Алар жетекчи планды көтөрүп салганын, эки айдан бери маяна ала албай жатышканын, кызматкерлерди кетирип өзүнүн тааныштарын киргизип жатканын, эс алуу күндөрү да иштетип, бирок түшкөн акчаны өзү алып жатканын билдиришти.

Акцияга чыккандарды Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов кабыл алып, даттанууларын укту. Ал маселени териштирип, чара көрүүгө убада берди.

Талантбек Жамгырчиев “Бишкек токтомолору жана унаа туруктары” ишканасынын жетекчилигине жакында эле дайындалган. Нааразылыкка чыккандардын дооматы боюнча анын өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Мекеменин расмий телефонуна (0312 59-22-71) чалганыбызда, эч ким албады.

Жамгырчиев буга чейин Бишкек шаардык кеңешинде депутат болгон. 11-июлда өткөн шайлоодо “Ишеним” партиясынын тизмесинде 10-катарда жарышка катышкан. Шайлоо жыйынтыгында аталган партия 8 гана мандат алган.

“Бишкек токтомолору жана унаа туруктары” муниципалдык ишканасы мэриянын токтому менен 2019-жылы түзүлгөн. Ишкана борбор калаадагы муниципалдык аймакта жайгашкан акы төлөнүүчү токтомолорду жана унаа коюучу жайларды тейлейт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG