Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

Бийлик энергетикалык кризистен 2024-2025-жылдары чыгууну пландап жатат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте мамлекеттик кызматкерлердин республикалык кеңешмесинде сүйлөгөндө бүгүнкү күндө эң курч көйгөйлөрдүн бири энергетикалык кризис экенин белгиледи. Кыргыз бийлиги бул көйгөйдөн 2024-2025-жылдары арылууну пландап жатат.

Жапаров Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо 2010-жылдан бери ишке ашырылып келатканын билдирди:

"2014-жылдан бери 1 КвТ электр энергиясын 5 сомдон алып, элге 77 тыйындан беришкен. Ортодогу айырма казынадан төлөнгөн. Бир нече миллиарддаган сомдор чыгып кеткен. Учурда 2 сомдун тегерегинде алып жатабыз. Менин тапшырмам менен энергетика министри элден "күндүз жарыкты өчүрүп, үнөмдөгүлө, Токтогулдагы сууну сактап калалы" деп суранды".

Мамлекет башчысы Токтогул суу сактагычындагы сууну Кыргызстан электр энергиясын алууга гана колдонорун, Өзбекстан менен Казакстан сугатка пайдаланын кошумчалады. Кошуна өлкөлөр айыл чарба азыктарынан Кыргызстанга жардам берип келатканын айтты жана аларга суу бербей коюу мүмкүн эместигин, антсе коңшуларда кургакчылык болуп, кесепети оор болорун белгиледи.

Буга чейин Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 6 миллиард КвТ/саат экени айтылган. Аны толтуруу үчүн коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алууга аргасыз. Садыр Жапаровдун айтымында, Кыргызстан учурда Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан электр энергиясы алууда.

15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирди. Ага ылайык өндүрүш үчүн баалар кымбаттады.

Ал эми калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Мекеме-ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG