Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

АКШда вакциналарды аралаштырып сайдырууга уруксат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттардын Тамак-аш жана дары-дармекти көзөмөлдөгөн башкармалыгы коронавируска "Модерна" жана Johnson & Johnson вакциналарынын кошумча дозасын саюуга уруксат берди.

Ошондой эле, аталган мекеме вакцинанын алгачкы эки дозасы бир компанияныкы болсо, кошумча дозаны башка компанияныкын алса болорун билдирди.

Адистер вакциналарды аралаштырып сайдыруу чоңдор үчүн коопсуз экенин белгилешти.

20-октябрда кабыл алынган бул чечим миллиондогон америкалыктарга коронавирустан коргонууну күчөтүүгө шарт түзөт. Себеби, коронавируска каршы вакцинанын натыйжалуулугу убакыт менен алсырай турганы аныкталган.

Буга чейин Тамак-аш жана дары-дармекти көзөмөлдөгөн башкармалык улгайган адамдарга жана иммунетити алсыздарга Pfizer/BioNTech вакцинасынын кошумча дозасын алууга уруксат берген.

Ал арада Австралиянын баш калаасы дүйнөдөгү эң узакка созулган карантинден чыгууга даярданууда. Орусияда коронавирустун дельта штаммынын жаңы түрүн аныкташты.

XS
SM
MD
LG