Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Нур-Султанда Glovo курьерлери нааразылык акциясына чыгышты


Glovo курьерлеринин нааразылыгы буга чейин Грузияда да болгон
Glovo курьерлеринин нааразылыгы буга чейин Грузияда да болгон

20-октябрда Нур-Султанда Glovo тамак жеткирүү кызматынын 70тей жумушчусу нааразылык билдирип чыкты. Алар аралыкты эсептеген Google картасынын тиркемеси менен иштеген мурунку системаны кайра кайтарууну талап кылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

"Мурун Google карта менен иштегенде тапкан кирешебиз башка болгон. Азыр "2 GIS" картасы менен иштейбиз. Ал үйлөрдүн арасын эсептейт, биз болсо транспорт менен жүрөбүз. Маселен, паркты алсак, ал парк аркылуу өткөн жолду эсептейт, биздин болсо ал жерден унаа менен өтүүгө укугубуз жок да. Жөө жүрө албайбыз, кирешебиз аз болуп жатат", - деди Glovo курьери Ербол Жакенов.

Курьерлер компания жетекчилигине талаптарын карап чыгууга эки-үч күн убакыт беришти. Талап аткарылбаса, жумуш токтотуларын айтышты.

Жумушчулардын нааразылыгын жараткан тиркемеге Glovo компаниясы 2021-жылы октябрда өткөн. Азыр Нур-Султанда карта сынактан өткөрүлүүдө. Кийин башка шаарлардагы курьерлер да ушул тиркемеге өтөөрү айтылууда. Компания буга чейин курьерлер Google картасынын ыңгайсыздыгына даттанышканын, азыркы тиркеме алда канча жеңил экенин билдирди.

Дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөсүндө кеңселери бар Glovo курьердик компаниясы негизинен Google карталары менен иштейт.

XS
SM
MD
LG