Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

ИИМ: Тогуз айда жол кырсыгынан 587 адам көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жыл башынан бери Кыргызстанда 5437 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркыдан 29,2% көп. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) жетекчиси Азамат Исраилов билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыктарынын көбөйүүсүн өлкөдө автоунаалардын саны өскөнү жана жолдордун ага ылайык келбегени себеп.

"Көпчүлүк жолдордун параметри кыймылдын көптүгүнө жана тездигине туура келбейт. Көп учурда мунун арты адам фактору менен коштолгон кайгылуу окуя менен аяктайт", - деди Азамат Исраилов.

Анын маалыматы боюнча, жол кырсыгынан набыт болгондордун саны да былтыркыдан 15% көп. Былтыркы тогуз айда бул себептен 509 адам көз жумса, быйыл 587ге жетти. Жаракат алгандар 31% көбөйгөн. Тогуз ай ичинде автокырсыктан 8298 адам жабыркаган.

15-октябрда Бишкек-Талас-Тараз жолундагы Кара-Ой тилкесинде "Хонда-Степвагон" машинасы "Дав" жүк ташуучу унаасы менен кагышкан. Натыйжада жеңил машинадагы айдоочу баш болуп сегиз адам мүрт кеткен. Арасында 12 жаштагы бала болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG