Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Талас: бычакталган аялдын өлүмүнө күйөөсү шектелип жатат


Иллюстрация
Иллюстрация

Талас районунун Кара-Суу айылынын 38 жаштагы тургуну өзүнөн бир жаш кичүү аялын өлтүргөн деген шек менен кармалды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кандуу окуя 17-октябрга оогон түнү болгон.

Райондук милициянын ыкчам тергөө тобу каза тапкан аялдын бычакталганын аныктаган.

Ушул эле күнү окуя Жазык кодексинин 130-беренеси "Атайлап киши өлтүрүү" боюнча катталып, тиешелүү соттук экспертиза дайындалган. Шектүү Талас облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайына эки айга камалып, тергөө жүрүп жатканы кабарланды.

19-октябрда Бишкектеги Ботаникалык бакта да аял кишинин сөөгү табылган. Анын күйөөсү суракка алынганын Октябрь райондук милиция бөлүмү кабарлады. Маалыматка караганда, маркум 16-октябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайыны билинбей жаткан. Күйөөсү аны эки күндөн бери издеп жатканын айткан. Окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, быйылкы жылдын башынан бери 7665 үй-бүлөлүк зомбулук каттоого алынды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30% көп. Башкы прокуратуранын эсеби боюнча, 2019-жылы 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. 90% ашык учурларда аялдар жабыр тартат.

Жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулуктан кыз-келиндер көз жумган бир нече учур орун алды. 2020-жылы зомбулуктан 21 аял көз жумган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG